Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:33

Гаага конференциясы Ооганстан күткөндөн ашып түштү


АКШнын Мамкатчысы Гаагадагы конференциядан кийинки маалымат жыйынында сүйлөп жатат, 31-март
АКШнын Мамкатчысы Гаагадагы конференциядан кийинки маалымат жыйынында сүйлөп жатат, 31-март

Гаагада Ооганстандын келечегине арналган эларалык жыйын аяктады. Жыйынга катышуучулары Ооганстан менен коңшулаш Иран жана Пакистан арасындагы кызматташууну дагы бекемдөөгө көңүл бурушту. АКШнын Мамкатчысы Х. Клинтон Ооган өкмөтүн куралдуу күрөштөн баш тарткан талиптер менен элдешүүгө чакырды. БУУнун Ооганстандагы өкүлү Кай Эйденин сөзүнчө, жыйын Ооганстанды бекем колдоду.

Гаага конференциясынын негизги жыйынтыгы жөнүндө Азаттыктын” атайын кабарчысы Гүлназ Исфандияри мындай дейт:

-Жыйындын негизги жыйынтыгы, менимче, ага катышкан 72 өлкөнүн өкүлдөрүнүн Ооганстандагы тынчтыкты жана стабилдүүлүктү колдогону болду. Алар регион аралык кызматташуунун зарылдыгына да көңүл бурушту. Мен Ооганстандын тышкы иштер министри менен сүйлөшкөнүмдө, ал жыйын биз күткөндөн ашып түштү деп, кубанычын жашырбады.

Жыйындан тыш убакта АКШнын Ооганстан жана Пакистан боюнча атайын чабарманы Ричард Холбруктун Ирандын тышкы иштер министри Мохаммед Мехди Ахунзаде менен кездешүүсү чоң саясый окуя болду. Бул Барак Обама АКШ президенти болгондон берки бийик деңгээледги биринчи кездешүү.

Алдын ала пландалбаган кыска жолугушууда, эки тарап чын ыкластан пикир алмашканын АКШнын Мамкатчысы конференциядан кийин маалымдады. Хиллари Клинтондун сөзүнчө, жыйынга Ирандын өкүлү катышканы жакшы жышаан:

-Иран жетекчилигинин бул жыйынга катышканы- болчокто мүмкүн болчу өзара кызматташуунун жакшы жышаанасы. Чекара коопсуздугу, өзгөчө, чекара аркылуу маңзаттарын ташуу Иран жетекчилигин айрыкча тынчсыздантат. Биз алардын кооптонуусун бөлүшөбүз жана бул маселе боюнча кызматташабыз деген үмүттөбүз.

Клинтон айымдын билдиришинче, Акунзадеге Иранда кармалып жаткан америкалык үч жарандын мекенине кайтуусуна жардам көрсөтүүнү сураган АКШ өкмөтүнүн каты тапшырылган.

Акунзаде жыйындагы сөзүндө Иран коңшулаш Ооганстанда четэлдик аскерлердин болуусуна каршы экенин эске салды:

-Четэлдик аскерлер Ооганстандагы иштерди жакшыртпайт жана четөлкөлүк күчтөрдү көбөйтүү үзүрлүү болбойт деп ойлойбуз. Аскерий чыгымдарды Ооган полициясын жана армиясын машыктырууга жумшалыш керек...

Барак Обама январда Ак Үйгө келгенде Ооганстанга 17 миң кошумча аскер жөнөтүүнү буйруган. Андан тышкары армияны машыктырууга 4 миң аскер жөнөтүлөт.

Гаага жыйынынын соңунда жарыяланган билдирүү Обаманын жаңы стратегиясын колдоп, Пакистан менен Ооганстан “ал-Каида” жана башка террорчулардан тазалоо үчүн Ооганстандын коопсуздук күчтөрүн машыктыруунун зарылдыгын тастыктады. “Президент Обама жаңы сунуш жасады. Биз аны колдон келишинче кубаттайбыз” деди жыйындан кийинки пресс-конференцияда Германиянын тышкы иштер министри Штайнмайер.

XS
SM
MD
LG