Ислам ынкылабынан 30 жылдан кийин да дүйнө 1979-жылы Иранда эмне болгон эле деген суроонун жандырмагын издөөдө. Ынкылап шыпырып түшкөн шахтын батышчыл бийлигине арналган көлөмдүү эмгектин автору, «Нью-Йорк Таймс» гезитинин мурдакы кабарчысы Стефан Кинзердин оюнча, шиит диниятчылары уюштурган төңкөрүш Реза Пехлевиге Иранды Ататүркчөсүнөн модернизациялоо планын ойрон кылды. Реза Пехлеви 1963-жылы баштаган «Ак ынкылап» деген ат менен белгилүү социалдык- экономикалык реформалар аркылуу ислам салттарын европалаштырууга көздөгөн эле.
- Ынкылап элге таңууланып, ага элди тартайлы дешкен эмес. Шах эл өз мүдөөсүн ачык билдирүүгө мүмкүндүк алса, демократияны талап кылат деп корккон. Ошон үчүн Шах жаңы коомду эски жол менен курууну көздөп, диктатордук ыкмаларды пайдаланган. Ал карапайым калкты өзүнө тарта албады, көздөгөнүнө жетпеди. Анткени Шах өтө эле батышчыл болчу деп ойлойм.
Шахтын бу планына түрдүү саясый күчтөр каршы турган: Үчүнчү дүйнөнү азат кылуу теориясын туу көтөргөн дүниявий интеллигенция шахтын өлкөнү батышташтыруу саясаты батыш оторчулугуна алып келет деп, элди үркүттү; Марксчылар элди таптык күрөшкө үндөсө, шахтык бийликтин жактоочулары конституциялык монархияга элди үгүттөштү. Бул тушта шиит диниятчылары саясатка аралашпады. Алар, Кинзер айткандай, диниятчылар үчүн плацдарм даярдап беришти:
- Шах бар оппозицияны ырааттуу кысмакка алып жатты. Оппозицияда саясый партия же көзкарандысыз кесиптик кошуундар же студенттик жана башка уюмдар менен көзкарандысыз гезиттер болбогондон кийин, оппозиция баш калкалачу жай мечит болду. Ошентип Шахка каршы турган эл өзү эле диндин таасири астына өтүп, Шах кулаганданда анын ордуна диний күчтөр келди.
Серепчилер Улуу Аятолла Рухалла Хомейни бардык эле кашка ынкылапчылар сыңары элди бир нукка сала алганын белгилешет. Ал диниятчылар гана өлкөнү четэлдик оторчулуктан сактай алат, шариат калыс коом жана мыкты өкмөт түзүү үчүн керек, шариат канондорун толук аткаруу үчүн өлкөнү диниятчылар башкаруусу абзел деп ишендирди элди. Обол Хомейниге көпчүлүк улуу аятоллалар каршы чыгышканы менен Хомейни сыяктуу мечиттерди жана базарларды элди үгүттөөдө пайдалана алышкан эмес.
Хомейничилер Шах өлкөдөн качкандан кийин түзүлгөн улуттук биримдик өкмөтүнө удаа дагы бир өкмөттү, коопсуздук кызматын, ынкылапчыл трибуналдарды жана өз куралдуу күчтөрүн түзүштү. Ислам желдеттери диниятчылардын саясый атаандаштары Хомейни каалаган конституцияга макулдук бермейинче, элдик толкундоолорду уюштуруп туруп алышты. 1981-жылы диниятчылар бийликти биротоло колго алгандан кийин, миңдеген каршылаштарын жок кылышты же абакка салышты. Президент Банисадр Парижке качып, жан сактады. Ошентип Иранда Батыш демократиясы менен теңтайлашкан ислам демократиясы орнотулду. Бирок башта күткөндөй, Ислам демократиясы баш өлкөлөргө жайылбады.
Иран таануучу Нейл Патриктин айтышынча, исламчыл топтор азыр Ирандагы ислам ынкылабын кубаттуу символ катары көрүшкөнү менен өз өлкөлөрү үчүн үлгү деп санашпайт:
- Кандай болгондо да Иранда кайталангыс бир эксперимент жасалды. Бул адегенде саясый жактан чоң кызыгууну жаратты. Кийнчерээк ынкылап шииттердин жана өзүн перс дегендерди бириктирген күчкө айланды. Президент Ахмединежад белгилүү топторду финансылык жана аскерий жактан колдоп, өз таасирин дагы бекемдеди, ал башкаларды ачык теңине албоонун символуна айланды.
Бүгүн мунайга бай өлкөнүн экономикасын негизинен жашыруун диний корлор башкарат. Жан башына өндүрүлгөн киреше 1979-жылкы ынкылапка чейинкиден 30 процентке төмөн. Ал эми инфляция менен жумушсуздук он проценттен жогору. Ал эми Батыш менен каршылашуу Ирандагы диний режимдин мыйзамдуулугун актоонун универсалдуу механизмине айланган.