Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:58

Францияда казак жамааты Мустафа Чокайдын мурасын аздектейт


Келерки жумада Францияга Казакстандан интеллигенциянын жооп тобу келүүдө. Жазуучулар, окумуштуулар, көркөм өнөр өкүлдөрүнөн турган бул топ Түркстандын туңгуч президенти Мустафа Чокайдын Францияда жашаган жерлеринде болуп, анын музейин ачуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашмакчы.

Быйыл Европада кыш суук. Машиналар кыйма-чийме каттаган кан жолдун эки тарабында ак кар баскан Париж жайылып жатты. Өмүр Чынгыздын машинасында магнитофондон эски касетадан казактын ыры жаңырат.

Өмүр Чынгыз Парижде 30 жылдан бери жашайт, түбү түркиялык казактардан. Өз кесиби бар, бирок коомдук иш менен да алектенип, Париждин четиндеги Ножан-сүр-Марн шаарында Мустафа Чокай атындагы француз-казак достук коомунун төрагасынын орун басары дагы.

Парижден чыгып, Марн дайрасынын боюнда жайгашкан Ножанга кирип бардык. Мындагы Фонтан көчөсүнүн жетинчи номерлүү үйүндө Мустафа Чокай жашаган экен. Азыр үйдүн алдында кызыл таштан эскерүү тактасы орнотулган.

- Бул эскерүү ташын 2001-жылы Казакстандын ошол кездеги өкмөт башчысы Имангали Тасмагамбетов Париждеги казак элчилиги менен бирдикте койдуруп кеткен. Азыр эми биз жыл башында январдын биринчи аптасында ушул жерге келип, гүл коюп турабыз,"-деди Өмүр Чынгыз.

Өмүр Чынгыз өз маегинде жакында келет жаткан казак делегациясы, өз уюмунун иштери тууралуу буларды айтып берди:

- Январдын үчүнчү аптасында бул жакка Казакстандан 9 кишиден турган делегация келип жатат. Алар Францияда Мустафа Чокай жүргөн жерлерде болуп, Ножан-сүр-Марндын шаар бийликтеринин өкүлдөрү менен жолугушат. Буга чейин Мустафа Чокай атындагы уюм Париждин өзүндө иш алып барган. Ал 15 жыл мурда түзүлгөн. Ал расмий катталган эмес. Биз эми ал жашаган Ножан-сүр-Марнда экинчи коомду ачтык. 5-6 программа менен иштедик. Экинчи уюм менен атаыбыз бөлөк болсо да ишибиз бир. Казак болгон соң барын бирге жасап жатабыз.

Жаңыл Жусубжан: - Мустафа Чокай түпкүлүгү казак болгону менен, Түркестандын тунгуч президенти катары ал кыргыздын да, Борбор Азиядагы башка улуттардын да президенти болгон. Ушундан улам, силердин ишке Франциядагы биздин элдердин өкүлдөрү да катышабы, же баарын өзүңөр бүтүрүп жатасыңарбы?

Өмүр Чынгыз: - Силердин айтканыңар туура. Мустафа Чокай Түркияда да жашап, кийин Францияга келген экен. Ошондуктан ал баарыбыз үчүн бирдей үлкөн инсан. Азырынча, Ножандын бийликтери, Казакстандын Париждеги элчилиги көмөк берип жатат. Дагы Кыргызстандын элчилигине кайрылсак деген оюбуз бар.

Ножан шаарчасындагы Мустафа Чокай жашаган үй.
Мустафа Чокай Ножан шаарчасында 10 жылдай, үч бөлөк жерде батирде турган. Анын Франциядагы 20 жылга чукул турмушу жакында премьерасы болгон "Мустафа Чокай" тасмасында чагылдырылат. Казакфильмдин ал тасмасында Чокайдын ролун кыргыздын белгилүү жаш актеру, маркум Болот Бейшеналиевдин уулу Азиз Бейшеналиев аткарат.

Чокай 1941-жылы Берлинге, ошол кездеги гитлердик бийликтин өкүлдөрү менен жолугушууга келгенде ооруканага чукул жаткырылып, беш күндүн ичинде каза тапкан. Айрым окумуштуулардын ишениминде, ал Гитлердин түркестандык туткундардан кол курап, советтик армияга каршы согуштуруу сунушун четке каккандыктан, аны тымызын өлтүрүп салышкан. Ал эми советтик идеологдор аны "Гитлер менен кызматташкан чыккынчы" деп келишкени маалым. Ишмердин сөөгү Берлиндин четиндеги мусулмандар көрүстөнүндө коюлган.

Франциядагы казак диаспорасы, анын ичинде Өмүр Чынгыздын коому Казакстандын бийликтери менен бирдикте Ножанда Мустафа Чокайды эскерүү тактасынын ордуна анын бюстун орнотуу, шаарда анын музейин ачуу сыяктуу иштер менен алектенип жатышат.


XS
SM
MD
LG