Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:07

Израилге Ливан экинчи майдан ачабы?


Ливан тараптан атылып келген ракета түшкөн үйдүн чатыры кыйрады. Израил. Нахариа шаары.
Ливан тараптан атылып келген ракета түшкөн үйдүн чатыры кыйрады. Израил. Нахариа шаары.

Израил Газа тилкесинде согуш операциясын улантып жатканда, өлкө Ливандан ракета менен аткыланды. Үч-төрт ракетадан 2 киши жараат алганы кабарланууда. Ракетаны ким атканы белгисиз, эч ким жоопкерчиликти өзүнө алган жок.

Израил Ливандагы "Хезболла" исламчыл радикал уюмуна каршы согушкан 2006-жылдан бери өлкө Ливан тараптан аткыланбай калган. Ошондуктан 8-январда ал тараптан ракеталардын атылышы Израил Газадагы операциясын 13 күн катары менен улантып жатканда, ага экинчи майдандан согушууга туура келбейби деген суроону жаратууда.

Израилдин бийлик өкүлдөрү Ливандагы чакан палестин топторунун бири газалыктарга моралдык колдоо көрсөтүүнү көздөп жаткан болушу мүмкүн экендигин белгилешүүдө. Эгер бул чын болсо, согуштун кеңири жайылыш коркунучу чектелүү болмокчу.

Бирок эгер Израилге сес көрсөтүп жаткан "Хезболла" болсо, окуялардын мындан аркы өнүгүшүн болжолдоо кыйын. 2006-жылдагы согуштан бери "Хезболла" куралдуу күчтөрүн жаңылантып, жүздөгөн жаңы ракеталарга ээ болду, ал ракеталардын айрымдары Израилдин ичкери аймактарына чейин жетүүгө дараметтүү.

Лиор Сабаг – Израилдин түндүк аймагынан. Ал Тел-Авивден согуштун күч алышынан чочулаарын мындайча билдирди:

– Тел-Авивде эл ракеталар бул жакка да жетээрине даяр болушу керек деп ойлойм. Күн өткөн сайын бул мүмкүн экендигине көзүм жетип атат.

Мунун алдыңкы күнү эле "Хезболланын" жол башчысы Шейх Хассан Насралла анын уюму ар кандай кырдаалга даяр турушу керектигин айткан эле. Ал ошондой эле Израилди "Хезболланын" таянычы болгон Түштүк Ливанга кол салса, мындай чабуул жоопсуз калбай тургандыгын эскерткен.

Ливан тараптан коркунучка Израил алдын-ала камданып алганы маалым. Өлкөнүн түндүк чек арасындагы израил аскерлери Газага кол салуудан мурда эле жогорку даярдыкка келтирилген.

Бейшембиде Израилдин согуш учактары Газада Египет менен чек арадагы курал ташыган жер алдындагы өткөөлдөр деп шектелген жерлерди бомбалашты. Бүгүнгө чейин Газа тилкесинде 700 чакты палестин, Израилдин 10 жараны набыт болду. Израил Газага тилкени көзөмөлдөгөн "Хамас" уюмунун ракетадан аткылоосун токтотуу максаты менен басып кирген, бирок азырынча бул максатына жете элек.

Анын аралыгында Газадагы согуш аракеттерин токтотуу боюнча дипломатиялык аракеттер күч алды. Израилдин Газа Тилкесин көзөмөлдөгөн "Хамас" уюмунун жана Батыш Жээкте бийликтеги Палестин бийликтеринин өкүлдөрү египеттик арачылар менен жолугушууда. Египеттин тышкы иштер министри Ахмед Абдул Гейт элдешүүгө алдыдагы 3 күндүн ары-берисинде жетишүүнү максат кылаарын билдирди.

Дубайда чыгуучу "ал-Хаят" гезитинин жазышынча, ал "Израилдин өлтүргүч машинасы бул операцияны уланта беришин" элестете албай тургандыгын билдирген.

Израилдин Коргонуу министрлиги Каирге министр Эхуд Барактын улук кеңешчиси Амос Жиладды жиберди. Жилад былтыр "Хамас" менен түзүлгөн жарым жылдык элдешүү боюнча сүйлөшүүлөргө катышкан. Бул элдешүүнүн мөөнөтү өткөн айда аяктады.

XS
SM
MD
LG