Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:20

15-декабрь: тарых барактары


Кыргыздардын улук бийи Атаке баатыр 1789-жылкы Цин империясынын кысымынан улам, жардам сурап казак султандарына кайрылган. Кыргызстан Республикасынын Жогорку Кеңеши 1990-жылдын 15-декабрында мамлекеттик эгемендик декларациясын кабыл алган.

Кыргыздын таасирдүү бийлери менен казак султандары эки эл ортосундагы кагылыштарды токтотуу максатында 1786-жылы сүйлөшүү өткөрүшкөн. Натыйжасында алар тынчтык келишимге кол коююшуп, эки элдин чегин аныктаган чегара маселеси такталган. Анын натыйжасында, эки калк ортосунда жаңжалдар басаңдап, бир топ жылга көмөн талаада бейпилдик орногон. Ошол эле учурда кыргыздарга каршы Цинь империясынын кысымы күчөп, кыргыздардын улук бийи Атаке баатыр 1789-жылы жардам сурап казак султандарына кайрылган. Аймактагы саясий кырдаалдан кабардар болгон полковник Бентам, ушул жылдын 15-декабрында князь Г. А. Потемкин-Таврическийге Цинь кысымы туурасында маалымат жолдогон. Казактар кыргыздарга жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирип, макулдугун беришкен.

Россия империясы Кыргызстан аймагын өздөштүрүп, колониалдык саясатын тереңдетүү максатында, адегенде кыргыздардын тарыхын изилдеп, алар жөнүндө маалымат топтоого киришкен. А. Л. Бубеновдун 1826-жылкы экспедициясын Кыргызстанга жөнөтөөр алдында Кашгардагы кырдаал өзгөрүп, Жахангир кожо мындагы бийликти кайра алыш үчүн жан үрөп аракет көрө баштаган. Кашгардагы кырдаалдын өзгөрүшүнө кабатырланган орус бийлиги, аймактагы абалды иликтеш үчүн атайын экспедиция камдоого киришкен. Империянын тыш иштер министрдигинин жооптуу кызматкери К. Нессельрод 1826-жылдын 15-декабрында бул максатта Кашгарга, болбосо аны менен чектеш аймакка ишенимдүү адамды жиберүү керектигин белгилеген.

Орус бийлигине каршы көтөрүлгөн казак ханы Кенесары туруктуу орун алган жеринен көчүп, 1846-жылы казак колу кыргыздарга каптап кирген. Кененсары хандын сары изине чөп сала кууган есаул Нюхалов, 1846-жылдын 15-декабрында Кененсарынын абалы туурасында рапорт берген. Анын айтымында Кененсарыга улуу жүз казактардын чымыр, жаңыз, сары үйсүн сыяктуу урууулары кошулуп, ал 20 миң түтүндүк олуттуу кол топтоого жетишкен. Кененсарынын саясий таасири Ташкенден Чуга чейин тарап, ал Акөлөң жергесине ордосун орноткон. Казак колу кыргыздарга кысым көрсөтүп, Ысык Көлгө чейинки аймакты ээлеп алган. Мындагы кыргыздар болсо Каратоого жер которуп өз уруулаштарына кошулушкан.

Токмок уезддик начальниктин жардамчысы 1888-жылдын 15-декабрында Шабдан Жантаевдин бересеси туурасында Жети-Суу Аскер губернаторуна рапорт жолдогон. Буга чейин Аскер губернатордугуна Шабдан баатырдын генерал Пржевальскинин экспедициясын жабдыш үчүн элден чогулткан төөлөрдү түгөл бербегендиги туурасында арыз түшкөн. Арызды териштирүү иши Токмок уезддик начальнигине жүктөлүгөн. Бирок убакыт тартыштыгынан улам, уезддик бийлик маселенин чоо-жайын толук иликтей алган эмес.

Кыргызстан Республикасынын Жогорку Кеңеши 1990-жылдын 15-декабрында мамлекеттик эгемендик декларациясын кабыл алган. Декларацияда Кыргыз калкынын тарыхында биринчи жолу Кыргызстандын бүткүл аймагында эгемен мамлекеттик бийлик орногондугу жар салынган.

Бул күнү, 1749-жылы Ростов-на-Дону шаары негизделип, 1791-жылы АКШда Конституцияга биринчи 10 түзөтүү киргизилип, 1939-жылы Атланта шаарында Виктор Флемингдин «Бороонго буюккандар» фильминин премьерасы өткөрүлүп, 1943-жылы Киев шаары фашисттердин бошотулуп, 1934-жылы окумуштуу, айтылуу адабият таануучу Качкынбай Артыкбаев жарык дүйнөгө келген.











XS
SM
MD
LG