Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:52

«Айтматов жана жаштар»


Мындан төрт жыл мурун, 13-декабрь күнү «Азаттык плюс» жаштар программасы алгачкы ирээт обого чыккан. Бүгүн болсо «Азаттык плюстун» жалпы жамааты туулган күн менен биргеликте «Айтматов жана жаштар» деген аталыштагы иш чараны уюштурушту.

Алгач Венера Сагындык кызы жетектеп турган «Азаттык плюстун» курамына ар кыл кесиптеги жаштар чогулган. Бүгүнкү күнгө чейин курамын улам жаңыртып келе жаткан «азаттык плюсчулар» бул аралыкта жаштардын саясий, социалдык, маданий турмушуна кайрылып, жаштык менен камыр- жумур аралашкан ар кызыктуу берүүлөрдү обого чыгарып келет. Бүгүн алардын туулган күнү. Бул күн залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдын туулган күнү менен удаа келип турат. Ошол себептүү «Азаттык плюстун» толук курамы бүгүн Ысык- Ата районундагы Айдаркан Молдокулов атындагы орто мектепке барып, окуучулар менен жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушуу учурунда окуучулар Ч. Айтматовго арналган ырларды окушуп, жазуучунун «Кызыл алма», «Ак кеме», «Биринчи мугалим» өңдүү бир катар чыгармаларынан үзүндүлөрдү аткарышты.

Иш чаранын соңунда «Азаттык плюстун» алып баруучулары жана журналистери аталган мектептин китепканасына атайын Ч. Айтматовдун бурчун ачышып, анын китептерин белек кылышты. Иш чарага жигердүү катышкан окуучуларга болсо "Азаттыктын" атайын белгиси бар буюмдар тапшырылды.

XS
SM
MD
LG