Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:30

Германия “Хрусталь түнүнүн” курмандыктарын эскерүүдө


“Хрусталь түнү". Архивден.
“Хрусталь түнү". Архивден.

1938-жылы 10-ноябрга караган түнү Берлин, Вена жана Мюнхен шаарларында нацисттер жөөттөрдү массалык түрдө жок кылган. Бул окуя Холокосттун башталышынан кабар берип, тарыхта “Хрустал түнү” (Kristallnacht) деген ат менен калган. Мындан туура 70 жыл мурда болгон окуяга байланыштуу Германиянын канцлери Ангела Меркел айым бул күнү атайын билдирүү менен чыкты.

Kristallnacht, же болбосо “Хрусталь түнү” деп аталып калышынын себеби, 10-ноябрга караган түнү Германиянын шаарларында жана нацистик Германия тарабынан курчоого алынган Австриянын көчөлөрүндө жөөттөрдүн дүкөндөрү, турак-жайлары талкаланган.

Тарыхта кайгылуу даталардын бири катары калган бул окуяга байланыштуу Германиянын канцлери Ангела Меркел атайын билдирүү менен чыкты.

Меркел айым мекендештерин “расизмдин жана антисемитизмдин бардык түрлөрү менен күрөшүүгө” чакырды.

Жекшемби күнү (9-ноябрда) Берлинде жөөттөрдүн чоң синагогасында “Хрустал түнү” курман болгондорду эскерүү жөрөлгөсү өттү.

Эскерүү жөрөлгөсү учурунда Меркел айым буларды айтты:

- Германия жана Европада расизм менен антисемитизмдин кайталанышына эч качан кайрадан жол бербешибиз керек.

Нацисттердин курмандыктарын эскерүү үчүн келгендер алдында сүйлөгөн сөзүндө Ангела Меркел Израилдин коопсуздугу – Геманиянын улуттук кызыкчылыгынын бир бөлүгү деп билдирди:

- Эгерде Израил мамлекетинин коопсуздугуна “Хамас”, “Хезболла” жана Иран коркунуч жаратып жатса, эч кандай сабырдуулук тууралуу сөз дагы болбойт. Израилдин коопсуздугун камсыз кылуу – Германиянын улуттук кызыкчылыгынын бир бөлүгү.

Нацисттер бийликке келери менен өздөрүнүн антисемиттик көз караштарын иш жүзүнө ашыра баштаган. 1933-жылы 1-апрелден баштап улутчулдар “Германиянын мекенчилдерин” жөөттөрдү бойкоттоого чакырган.

7-апрелде жөөт улутундагы аткаминерлерди кызматынан бошотуу тууралуу буйрук чыккан, андан бир аптадан кийин жогорку окуу жайларында дагы ушундай көрүнүш орун алган. 7-майда “чыныгы немис эмес” китептер жана авторлордун тизмеси жарыяланган. Тизмеге 12 409 чыгарма жана 141 автор кирген, тыюу салынган авторлордун көбү жөөт улутундагылар болгон.

Бул окуялардан бир аз өтпөй жөөттөргө тийешелүү ишкана-мекемелер, банктагы алардын акчалары улутчулдардын колуна өткөн. Алгач улутчулдар дүйнөлүк коомчулуктун пикири менен эсептешип, жөөттөргө зордук-зомбулук колдонгон эмес. Маалыматтарга караганда, Германияда жашаган 600 миң жөөттүн жарымынан көбү башка өлкөлөргө чыгып кетүүгө үлгүргөн.

Бирок 70 жыл мурда улутчулдар чектен чыккан ишке барды. Караңгы түнгө жамынып, улутчулдар 90дон ашуун жөөттөрдү өлтүрүп, 200 синагогду өрттөп, жүздөгөн үйлөр менен дүкөндөрдү тоноп, талкалаган. Ушул окуядан көп өтпөй 30 миңге жакын адам концлагерлерге жиберилген.

“Хрустал түнү” Холокосттун башталышынан кабар берген окуя болгон. Холокост учурунда улутчулдар алты миллионго жакын жөөттөрдү жок кылган, алардын көбүн мурдагы Советтер союзунун аймагында өлтүрүшкөн.

Тарых илимдеринин доктору, профессор Акылбек Жуманалиевдин баамында, учурда адамзаты ошол кездеги окуялардын кайталанышына жол бербейт:

- Кийинки убактарда дүйнө жүзүндө адамзаты бул багытта катуу күрөшүп, опурталдуу көрүнүштөр байкалбайт. Менин оюмча, адамдардын саясий аң-сезими оңолуп, улутуна, өңү-түсүнө карабай, адамкерчилик алдыга чыкты. Бул жакшы жышаан.

Германиянын канцлери Ангела Меркел жекшембидеги эскерүү жөрөлгөсүндө сүйлөгөн сөзүндө “70 жыл мурда 10-ноябрга караган түнү башталган окуя Холокост менен аяктады” деп белгиледи. Меркел айым келечекте мындай окуялардын кайталанышына жол бербөө үчүн ошол күндөрдү эч ким унутпашы керектигин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG