Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:43

ЕККУнун ПАРЛАМЕНТТИК ЖЫЙЫНЫ ОРУСИЯНЫ САБЫРДУУЛУККА ЧАКЫРДЫ


Кубат Чекиров, Прага Астанада 3-июлда ишин аяктаган ЕККУнун Парламенттик Жыйынынын жылдык отуруму Ооганстанга жардамды күчөтүү жөнүндө уюмдун мүчөлөрүнө кайрылуу кабыл алды. Ошондой эле орус бийлигин Грузиянын жикчил Абхазия жана Түштүк Осетия менен болгон чыр-чатактарын ырбатпай сабырдуу болууга чакырды. ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясы кабыл алган документтерде ошондой эле АКШда күзүндө боло турган президенттик шайлоолорго байкоочуларды жиберүү жана миллиондогон адамдар кырылган 1932-33-жылы Украинада болгон ачарчылыкты расмий таануу жөнүндө да айтылат.

Астанада бул жылы өткөн 17-жылдык отурумдун темасы транспаренттүүлүк же башкача айтканда ачык-айкындык болду. Корутунду Декларацияда бул жөнүндө : «Демократиялык дефицитти кыскартуу менен ачык-айкындыкты жана жоопкерчиликти көтөрүүгө багытталган реформаларды улантуу ЕККУнун саясатындагы зарылдык»,-деп баса белгиленет.

29-июндан 3-июлга чейин болгон ЕККУнун Парламенттик Жыйынынын отуруму постсоветтик өлкөлөрдө эң маанилүү өнөр жай тармагы болгон энергетика жаатында абдан кең-кесири ачык-айкындык зарыл экенин белгиледи. Бул ЕККУнун төрагалыгын 2010-жылы колго ала турган Казакстанга да таандык маселе.

«Мунайзат, жаратылыш газ өндүрүшүндө жана тоо кен тармагында, айрыкча бул тармактардын кирешесине багыныңкы өлкөлөрдө, ачык айкындыктын аздыгы бийлик башындагы коррупция менен эриш-аркак жүрүүдө»,-деп белгиленген декларацияда.

Баш кеңсеси Венада жайгашкан ЕККУнун билдирүүсүндө Түштүк Осетиядагы жана Абхазиядагы жикчилдик проблемалары жөнүндө да белгиленип, Грузиянын чыр-чатактуу зоналарында кырдаал курчуп баратат деп айтылат. Декларация Орусияны Грузиянын аталган аймактары менен анын аймактык бүтүндүгүнө шек туудура турган ар кандай байланыштардан баш тартууга чакырат. Ошондой эле Грузиядан бөлүнүүгө умтулуп жаткан аймактардын жашоочулары үчүн Орусияда паспорт чыгаруу Грузиянын суверенитетине жана аймактык бүтүндүгүнө шек келтириши мүмкүндүгү да белгиленген.

Казакстан Орусиянын өнөктөшү катары бул маселе боюнча добуш берүүгө катышкан жок.

«Мындай өтө татаал маселеде эч бир тарапка жан тартпай бейтарап калуу да позиция болуп саналат. Ошондуктан биз Грузия жана Абхазия боюнча резолюциянын айланасында чыккан талаш-тартыштардан сырткары болууну чечтик. Биз бул маселе боюнча сүйлөшүүлөр эки тараптуу деңгээлде табигый түрдө улантылышы керек деп эсептейбиз,-деди Казакстан парламентинин спикери Касымжоомарт Токаев.

Декларацияда мындан сырткары Ооганстанда чыгып аткан козголоң аракеттери айыпталып, ЕККУнун бардык мүчөлөрүнө Ооганстан үчүн аскердик, каржылык, гуманитардык жана башка милдеттенмелерди толук аткарууга чакырык камтылган.

Дагы бир маанилүү чечим Украинада 1932-33-жылдары болгон ачарчылыкты таануу жөнүндө болду. Бул жөнүндө Декларацияда «Сталиндик тоталитардык режимдин ырайымсыз саясатынан улам чыккан массалык ачарчылыктын натыйжасында курман болгон миллиондогон бейкүнөө украиналыктардын элесин унутпоо жөнүндө» уюмга мүчө өлкөлөрдүн бардык парламенттерине кайрылуу жасалган.

Астананын өкүлү жыйын болуп атканда мурдагы Советтер Союзунун аймагы, анын ичинде Казакстан да ачарчылыкты баштан өткөрүп азап чеккенин унутпоо керектигин эскертип айтты.

Декларацияда ошондой эле Чернобыл кырсыгынын кесепеттерин жоюу үчүн Украинага жардам берүү жана ушул жылы май айында Дублинде кабыл алынган курал-жарактар жөнүндөгү конвенцияда тыюу салынган жардыргыч куралдардын тобун жок кылууну кепилдөө жагы да белгиленген.

Дагы бир чечим суу ресурстарын башкаруу менен байланышып, сууга муктаждык курчуп, быйыл кургакчылык болушу мүмкүн болуп турган Борбор Азияга орчундуу көнүл бурулду. ЕККУнун мүчөлөрүнө натыйжалуу суу саясатын иштеп чыгуу жагы сунушталды.

Ошондой эле корутунду документте кибер кылмыштардын алдын алуу, балдарды сексуалдык эксплуатациялоого, аялдарга зордук-зомбулук кылууга жол бербөө, мигранттардын экономикалык, маданий, саясий жана социалдык салымдарын таануу, антисемитизм көрүнүштөрүнө каршы күрөшүү, Европа менен Түндүк Американын ортосунда сооданы кеңейтүү, Жер ортолук деңиз аймагында эркин сооданы жайылтуу жана башка проблемалар да унутта калбай резолюцияда камтылды.

Португалиянын өкүлү Жоа Соарес ЕККУнун Парламенттик Жыйынынын президенти болуп шайланды. Казакстандын спикери Касымжоомарт Токаев анын вице-президенти болду.

XS
SM
MD
LG