Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:15

ТЕГЕРЕК ҮСТӨЛ: ЗАЛКАР ИНСАН АЙТМАТОВДУ ЖОКТОО


Кыргыздын чыгаан уулу Чыңгыз Айтматовдун акыл-насааты, бай жан дүйнөсү жана талантынын орду көп жылдар бою толбойт. Мына ушул улуу инсандын эмгегин эстеп, анын кубанычы менен кошо өксүгөн учурларын эскерели деп, “Азаттыктын” түз эфирине конокторду чакырган элек. Ага Жогорку Кеңештин депутаты, Чыңгыз Айтматовдун дипломаттык ишмердигинде эриш–аркак жүргөн Роза Отунбаева, Маданият жана маалымат министри Султан Раев, Айтматов таануучу окумуштуу Абдылдажан Акматалиев жана Айтматовдун чыгармаларын иликтеген илимпоз доктор Осмонакун Ибраимов катышышты. Маекти Бүбүкан Досалиева алып барды.



- Бүбүкан Досалиева:-Анда эмесе, алгачкы суроо Султан мырза сизге, Айтматовду акыркы сапарга узатуу боюнча комиссия кандай иш-чараларды жасаган жатат, аза күтүү зыйнаты кандай болгон жатат? Алгач ошондон кабар берсеңиз.

Султан Раев:- Чыңгыз Айтматов каза болду деген суук кабар кечээ кечинде келип, жалпы журутубузду чоң кайгыга салды. Азыр Чыңгыз Айтматовду акыркы сапарга узатуу боюнча мамлекеттик деңгээлде атайын комиссия түзүлүп, кечээ кечинде биринчи жыйынын өткөрдү. Аны мамлекеттик деңгээлде узатуу боюнча бир топ иш-чараларды өткөрүүнү азыр талкуулап жатабыз. Чыңгыз Айтматовду узатуу ушул ишемби күнү, Улуттук филармонияда өткөрүү белгиленди. Андан тышкары да бир топ иш-чаралар жүргүзүлөт. Аны бир сааттан кийин боло турган кеңешмеде тактайбыз .

Бүбүкан Досалиева:- Айтматов дегенде биз ар дайым “Саманчынын жолу” повестиндеги батышты караган энени, сүйүүнү даңазалаган Данияр менен Жамийланы элестеп, Ысыккөлдү, эне тилди сактайлы деген макалалары көз алдыга тартылат. Абдылдажан мырза, сиз Айтматов адабият дүйнөсүнө кандай мурас калтырып, эмнеге жетпей өксүп кетти деген ойдосуз?

Абдылдажан Акматалиев:- Айтматов менен аалам толук болуп турду эле. Чыңгыз агайдын кайтып кеткени биз үчүн өтө оор кайгы болуп отурат. Айтматов ар бир чыгармасы менен көркөм-эстетикалык жактан ири ачылыштарды жасап келди. “Жамийла” повестинен баштап акыркы “Тоолор кулаганда” аттуу чыгармасына чейинки чыгармалары дүйнөлүк масштабдагы өзүнчө көркөм дүйнө болду. Ар бир окурман жашына, кесибине, улутуна карабай бардыгы өзү үчүн ачылыштарды жасап, өз жан дүйнөсүн тапты. Алар жазуучу менен бирге тынчсызданып,бирге кубанып, кайгырып жүрүштү. Орус классиктери 19-кылымда кандай көркөм-эстетикалык бийиктикке жетсе Айтматов да ошондой бийиктикке жетти. Ал биздин Толстой, биздин Маркес.

Бүбүкан Досалиева:- Роза айым, Чыңгыз Айтматов жазуучулук менен катар элчилик милдетти аткарды, убагында СССРдин биринчи президенти Михаил Горбачевдун кеңешчиси да болгон,бир мамлекеттин элчиси гана эмес, каршылашкан элдерди элдештирген эмгеги өзүнчө тарых. Сиз Айтматовдун элчи катары эмгегине жана коомдук ишмердигине баа берсеңиз?

Роза Отунбаева:- Чыңгыз Төрөкулович, дипломатиялык иште 18 жыл иштеди. Биринчи Кыргызстандын Бельгиядагы, Франциядагы, ЮНЕСКОдогу, Бенилюкс өлкөлөрүндөгү элчиси болду. Ал СССРдин да элчиси болгон. Кыргызстандан мындай 3 элчи бар элек. Мына Чынгыз Төрөкулович баарыбыздын жашыбызды төктүрүп, баарыбызды бөксөртүп кетип жатат! Бул киши СССР кулаганда эле өзүнүн көркөм адабиятка жасаган салымы менен дүйнө жүзүнө белгилүү эң ири жазуучу деп таанылган эле. Мына ошону менен Кыргызстан деген эмне, кыргыз деген эмне деген түшүнүктү дүйнө жүзүнө тартуулап, өзүнчө бир тааныта турган туу болуп калды эле. Биздин элде “Элчи менен акын өлбөйт” дегендей Чыңгыз Айтматов биз үчүн эч качан өлбөйт!

Бүбүкан Досалиева:- Осмонакун мырза, Айтматов дүйнөлүк адабиятка кандай жаңы из салды жана кыргыздын адабиятында мурда болбогон кандай дүйнө таанымды калыптандырды?

Осмонакун Ибраимов:- Эң биринчи кезекте биздин эли-журтубузга биздин улуу инсаныбыз, элдин символдук туусу болгон Чыңгыз Айтматовдун көзү өтүп кеткендигине байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айткым келет. Экинчиден, Чыңгыз агабыздын акыркы чыгармасы “Тоолор кулаганда” деп аталган. Бүгүн кыргыз эли ошондой абалда турабыз. Биз үчүн Чынгыз агабыздын оо дүйнө салышы тоо кулагандай элес калтырып олтурат. Анын кыргыз адабиятына киргизген салымы гана эмес дүйнө адабиятына, анын ичинде түрк дүйнө адабиятына кошкон салымы өзүнчө көп изилдене турган маселе. 20 кылымдын 50-жылдарынан баштап биздин адабият менен маданият Чыңгыз Айтматовдун желбиреген туусу астында өттү деп айткым келет. Эми Айтматов өзүнүн артында баа жеткис дүйнө калтырды. Ошол дүйнөнү аягына чейин изилдеп, элге-журтка, бүткүл дүйнөгө жеткириш жана улап кетиш биздин эң башкы милдетибиз!

Бүбүкан Досалиева:- Султан мырза, президенттин жардыгы менен быйыл Айтматовдун жылы деп жарыяланып, кыргыздын башын кошуп, сыймыктанта турган бир топ эл аралык деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүү белгиленген эле. Эми алардын тагдыры кандай болот?

Султан Раев: - Быйылкы жылды президент Курманбек Бакиев “Айтматовдун жылы” деп жарыялаган. Себеби, өтө бийин инсаныбыздын дүйнөлүк адабиятка, улуттук адабиятка сиңирген эмгегин эске алынган. Чындыгында Чыңгыз Айтматов биздин улуттук символубуз, улуттук намысыбыз, руханий дүйнөбүздүн туу чокусу. Ошон үчүн быйыл Айтматовдун жылы деп жарыяланып, эл аралык, дүйнөлүк алкакта жасалуучу иш-чаралар белгиленген болчу. Анда жогорку мамлекеттик деңгээлдеги адамдардын Айтматовдун мааркесине келүү маселеси да каралган эле. Айтматов сыркоологон биринчи күндөн тартып эле маселе президенттин көзөмөлүндө болду. Президент ден соолугу боюнча кабар алып, тынчсызданып турду. Эми тагдыр экен, аябай жакшы ойлорубуз бар эле, улуттук туу катары татыктуу сый көрсөтүп сыйлап алалы деген элек, бирок тилекке каршы азыр президенттин жетекчилигинде акыркы сапарга узатуу боюнча мамлекеттик деңгээлдеги комиссия түзүлдү. Ал боюнча бир топ иш-чаралар белгиленип жатат. Чыңгыз Айтматов менен коштошууга дүйнөнүн интеллектуалдык өкүлдөрү келген жатат. Анын өлүмү бизди гана эмес, бүт дүйнөнү кайгыга салды. Кечээ кечинде Туркиянын Маданият министрлигинен телефон чалышып, иш-чаралар качан болорун сурады. Андан башка жактан да аябай көптөгөн кайрылуулар болуп жатат. Албетте, татыктуу адамды өз деңгээлинде татыктуу узатышыбыз керек. Бул боюнча аракеттер көрүлуп жатат.

Бүбүкан Досалиева:- Абдылдажан мырза, Чыңгыз Айтматовдун жазуучу, инсан, коомдук ишмер катары ички дүйнөсү ачылып, көзү тирүүсүндө таамай баасын алды деген ойдосузбу? Ушул маселе боюнча Осмонакун мырза сиздин да пикир кызык.

Абдылдажан Акматалиев:- Чыңгыз Айтматов боюнча өтө көп жазылды, бирок Айтматовдун феномени ачыла элек. Бизде Айтматовду таануу деген илим дүйнөдө жана бизде пайда болду, бирок бул түбөлүктүү тема жана анын дүйнө таанымы, коомдук жана чыгармачылык ишмердиги боюнча кийинки муундар көп эмгектерди жазышат деген ойдомун.

Осмонакун Ибраимов:- Айтматовдун чыгармалары бүт дүйнөгө кеңири тараган. Адабият гана эмес кино тармагында, театрда жана искусствонун башка тармактарында таанылган. Бирок, анын чыгармаларына көзү өткөндөн кийин башкача көз караш, мамиле менен кароо мыйзам ченемдүү көрүнүш. Тирүү кезинде, тилекке каршы, биз бири-бирибизди жакшы баалабайбыз. Мына эми Чыкемден айрылып отурабыз. Айтматовдун чыгармачыл дүйнөсүнө жаңы көз караш, жаңы пикирлер эми жаралат. Бул илгертен келаткан көрүнүш! Эми кеп Чыкемди акыркы сапарга татыктуу узатып, андан кийин ал кишинин атын түбөлүккө калтыруу, элге-журтка түбөлүк мурас катары калтыруу биздин бүгүнкү башкы милдетибиз.

Бүбүкан Досалиева:- Роза айым, сиз чет өлкөлөрдө иштеген жана Тышкы иштер министри болгон адам катары баа берсеңиз: Чыңгыз Айтматовдун дүйнөдөгү баркы кандай эле? Дүйнөнүн көп элдери аны эмне үчүн сыйлап, чыгармаларын эмне үчүн окушчу эле?

Роза Отунбаева:- Кыргызды кыргыз катары асманга чыгарып, дүйнөгө таанытып кеткен Чыңгыз Айтматов. Ал Европа өлкөлөрүндө акыркы 15 жылда иштеп, жашап, кыргызды ошол жерде даңазалап жүрдү. Өзгөчө Германия менен Францияда китептерин чыгарып турду. Германияда чындыгында көптөгөн жамааттар атайын жолугушууга чакырышып, кыргыз деген эмне деген калк, Кыргызстан кандай өлкө деп маалымат алышчу. Алар чыгармалары, андагы философиялык ойлору боюнча абдан көп баарлашчу. Бул кишинин көз карашы дүйнөлүк деңгээлдеги Пабло Неру, Толстой, Маркес сыяктуу дүйнөлүк поэзия менен прозанын туу чокусундагы адамдар менен тең болчу. Андан тышкары дипломат да болгон. Дүйнө жүзүндөгү интеллектуалдык аалам мына ушундай адамдардын көз караш,ою менен ченелет экен. Дүйнө жүзүндө интеллектуалдык бир бийик чек болсо биздин Чыкебиз дал ошол деңгээлдеги адам болчу. Кайсы жерде болбосун дүйнөлүк баа, ченем кыргыздын бир уулунун акылындай, деңгээлиндей экен деп айтылчу. Ошон үчүн Чыңгыздын китептери дүйнөдөгү эң көп которулган болчу. Кайсы жерге барба, кайсы өлкөдө жүрбө Кыргызстан десең Чыңгыз деп таанышчу, кыргыз десең эле Айтматов деп айтышчу. Мына биз ушундай адамдан айрылып олтурабыз...

Бүбүкан Досалиева:- Султан мырза, Айтматовду Нобель сыйлыгына көрсөтүү идеясы бир топ жолу эле көтөрүлдү. Мурда СССРдеги чоң жазуучулардын ич тардыгы бөгөт болду дешчү эле, ал эми кийин эгемендик мезгилинде бул аракет эмне үчүн ишке ашкан жок?

Султан Раев:- Мен жакында эле Анкарада болдум. Ошол жерде Айтматовду жалпы түрк дүйнөсүнүн атынан Нобель сыйлыгына көрсөтүү боюнча комитет түзүлүп, ага 16 мамлекеттин өкүлдөрү киргизилген. Бардык түрк дүйнөсү ошол сыйлыкка көрсөтүп, ага зарыл кагаздар даярдалып жаткан эле. Чындыгында, Айтматов Нобель сыйлыгына эң татыктуу адам эле. Биз Нобель сыйлыгын алган чыгармалардын деңгээлин деле биз жакшы билебиз да, аны ыйгаруу боюнча бир топ татаал процедуралары бар. Бирок, Айтматовдун чыгармачылыгы эң татыктуу болчу. Бул тууралуу Түркиянын президенти Абдула Гүлдун кабыл алуусунда болгондо “Айтматов планетардык масштабдагы жазуучу жана Нобель сыйлыгын алууга түрк дүйнөсүнүн эң татыктуу инсаны. Айтматов дегенде биз түрк дүйнөсүнүн руханий намысы, руханий дөөлөтү деп билебиз. Ошондуктан Нобель сыйлыгы боюнча комитет биздин руханий намысыбыз менен дөөлөтүбүздү колдош керек” деп айтты.

Осмонакун Ибраимов:- Ушул маселе боюнча менин айта турган оюм бар. Албетте, Нобель комитети убагында Айтматовго ушул сыйлыкты бербей койду. Ага СССР убагында, андан кийин деле көп мүмкүнчүлүктөр болгон. Тилекке каршы, бул Нобель сыйлыгын ыйгаруу комитети илгертен эле көп жаңылыштыктарды кетирип жүргөн комитет, муну ачык айтышыбыз керек. Айтматовго Нобель сыйлыгын бербей коюп, ушул комтитет өз ишиндеги кандайдыр бир саясатын көрсөттү. Бул жерде чоң саясат керек же бир чоң жаңжал чыгарыш керек, балким диссидент болуп чыгыш керек. Ансыз булар бербейт. Бул Нобель комитетинин кетирген эң чоң кемчилиги болуп калды. Бирок, Айтматов Нобель сыйлыгы жок эле дүйнөлүк маданиятта өзүнүн өчпөй турган чоң изин калтырган. Гуманизм, азыркы адам орду же адамзаттын келечектеги жолу жөнүндө болобу Айтматовдой өтө терең, өтө улуу сөздөрдү аткан адам сейрек. Ошондуктан, Айтматовдун түбөлүк сапары тирүү кезиндеги сапарына караганда узак жана алыс болот.

Бүбүкан Досалиева:- Эми Чыңгыз Айтматовдун ысымын түбөлүк калтыруу үчүн эл аралык сыйлык белгилөө же башка кандайдыр бир аракеттер болобу?

Султан Раев:- Албетте, Айтматов өзүнүн атын түбөлүккө калтырды. Ошондуктан, улуттук сыймык катары сөзсүз түрдө мамлекеттик деңгээлдеги ири сыйлыктарды уюштурушубуз керек. Себеби, Айтматовдон өткөн туу чокубуз жок. Мен дагы бир нерсени белгилеп кетейин, Анкарада түрк дүйнө өкүлдөрү эгер быйыл Нобель сыйлыгына Айтматов дагы ээ болбой калса анда түрк дүйнөсү ага Нобель сыйлыгынан ашкан мыкты биринчи сыйлыкты берет деген чечим кабыл алышты.

Осмонакун Ибраимов:- Эми кете турган Чыкебиз кетти арабыздан. Аны акыркы сапарга узатуу маселеси калды жана ал оңой маселе эмес. Аны дүйнө карап турат, аны татыктуу деңгээлде узатып алалы дагы Чыкемдин намысына, арбагына куран окуйлу. Бизде башка милдет калган жок!

- Маегиңиздер үчүн рахмат!
XS
SM
MD
LG