Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:58

ЖАЗУУЧУ М.КАРИМОВДУН ЭКИ КИТЕБИНИН БЕТАЧАРЫ ӨТТҮ


Арабаев атындагы мамлекеттик университетте жазуучу жана журналист Мирзахолим Каримовдун “Тажикстандык кыргыздар” жана “Каратегин” аттуу эки көлөмдүү китебинин бетачары болду.

Жазуучу Мирзахолим Каримовдун өзүнүн айтымында, “Бийиктик” басмасынан 16 жана 23 басма табак көлөмдөрүндө жаңы басылып чыккан бул эки китеп – жазуучунун 20 жылдан бери жыйнап жүргөн эмгеги. Китептин чыгымын “Туран” демократиялык партиясы көтөрүп, ар бир китеп миң даанадан басылып чыкты. Мирзахолим Каримов жаңы басылып чыккан бул китептеринин ички мазмуну тууралуу буларды маалымдады:

-“Тажикстандык кыргыздар” китебимде 15 жылдан бери чогултуп жүргөн 2 миңге жакын тажикстандык кыргыздардын диалектикалык сөздөрүнүн топтому бар. Андан сырткары 20 жылдан бери тажикстандык кыргыздардын үрп-адаттары, салт-санаалары жана тарыхы тууралуу жазып жүргөн очерктерим, публицистикаларым кирди. Ал эми “Каратегин” аттуу экинчи китебиме аңгемелерим, маектерим жана “Күйдүргү” деген аталышта сатираларым топтоштурулган.

Бетачардын жүрүшүндө окумуштуулар Мизахолим Каримовдун бу кезге чейинки чыгармачылыгына да токтолушуп, ал көп жылдардан бери эле кыргыз жана тажик элдеринин тарыхына, тилине, салт-санаасына байланыштуу оозеки чыгармаларды, макал-лакаптарды чогултуп, очерк-аңгемелерди жазып келгенин белгилешти. Арабаев атындагы мамлекеттик университеттин проректору Кубатбек Токомбаев Мирзахолим Каримовдун эки тилге болгон мамилесине токтолду:

-Ар бир эле киши эки тилге бирдей мамиле кылалбайт. Бири-биринен кыйла айырмаланган эки тилде бирдей сүйлөп, жазып, кыргыз тилин да өзүнүн фарсы тили менен биргеликте аздектеп келатканы – бул инсандык чоң сапат.

Мирзахолим Каримовдун буга чейин “Мажүрүм тал”, “Кыя жолдор”, “Жер жылдызы – Жергетал” аттуу повесть жана аңгемелер, публицистикалар жыйнактары жарыкка чыккан. Ошондой эле Мирзахолим Каримов атактуу Хомейнинин осуяттарын кыргызчалап, китеп кылып чыгарган.

Бетачардын жүрүшүндө чыгып сөз сүйлөгөн Арабаев атындагы университеттин тил кафедрасынын башчысы Абдулкат Махмадуров – жазуучунун чыгармаларында кыргыз тарыхы жатат деди:

-Каратегин эли эң байыртадан келаткан этнонимдин бири да. Биринчи жолу араптар Самарканд менен Бухарага келгенде V11 кылымдын аягында “Каратегин тектиги” жана “Бухара тектиги” деп аталган экен. Ошондо Улуу Жибек Жолунун бир бутагы ушул Каратегин аркылуу өткөн экен.
XS
SM
MD
LG