Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:57

ХИМИЯЛЫК ЧАБУУЛДАН УУЛАНГАН ХАЛАБЖА ДАГЫ ЭЛЕ ӨЗҮНӨ КЕЛЕ ЭЛЕК


Иракта негизинен күрддөр жайгашкан Халабжа --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/human_rights/ky/2008/03/45F38149-A5A0-42BB-8BF3-7AB4ACE0D377.ASP шаарына химиялык чабуул коюлганына бүгүн 20 жыл болду. Ал кандуу окуядан 5 миңдей киши көз жумган. “Азаттык” үналгысынын ирак кызматынын кабарчысы Ахмад аз-Зубаиди бир жума мурда ошол шаарга барып, ошол трагедиялуу окуядан бери эмне өзгөргөнүн көрүп келди.

1988-жылы Иракта күрддөргө каршы жасалган ал чабуул тууралуу азыр Ирактагы америкалык күчтөрдү колдогондор көп айтышат. Анткени дал ушул окуя аркылуу алар Саддам Хусейн чын эле бийликтен алынышы зарыл болгон диктатор болгонун далилдегиси келишет.

Алар өз сөздөрүндө АКШ президент Жорж Буш менен Британиянын мурдагы премьер-министри Тони Блэрдин: “Саддам Хусейн өз элине каршы химиялык курал колдонгон” деген сөзүн көп кайталашат.

Анткен менен Батыштагы көп эл Халабжада 1988-жылдын 16-мартында болгон окуялар тууралуу анча деле кабары жок. Ал кезде Ирактагы сунни лидери Саддам Хусейндин режими шиилер көптүк кылган Иран менен согушуп жаткан. Күрддөр көп жашаган Халабжа шаарында Иранга жан тартып, жардам берген күрд партизандары көбөйгөнү тууралуу кабардан кийин Саддам Хусейн ал жерге химиялык чабуул коюу буйругун берет.



Бүгүн Халабжанын 53 миңдей тургуну, негизинен, айыл чарбачылык менен жан багат. Дагы эле бул жерде жашагандардын басымдуу бөлүгүн күрд фермерлери түзүшөт. 17-кылымда курула баштаган шаар Ирак баш калаасы Багдаттан 260 чакырым түндүгүрөөктө орун алган. Ал эми Халабжадан Ирандын чек арасына чейин болгону 16 эле километр аралык бар.

Шаарга кире бериште эле химиялык ууландырмадан өлгөн күнөөсүз адамдардын элесине арналып тургузулган эстелик көрүнөт.

Бул жерде жашаган адамдардын айтымында, шаар акыркы 20 жылдан бери анча деле өзгөргөн эмес. Инфраструктураны калыбына келтирүүгө жумшалып жаткан акча өз учурунда жетпей калат, тейлөө кызматы да жакшы иштей элек:

- Быйыл гана өндүрүш кызматында, буга чейинки жылдарга караганда кичине жылыштар болду. Бирок баары бир алар күтүлгөн стандарттардан алыс.

Халабжанын муниципиалдык жетекчиси Фуад Салих “Эркин Ирак” радиосунун кабарчысына азыр шаарды өнүктүрүүдө кандай кыйынчылыктарга туш болуп жатканын айтып берди:

- Тилекке каршы, бул аракеттер өтө акырын болуп жатат, демек жылыш да акырын болууда. Негизги себеп – шаарга келтирилген доонун өлчөмү менен аны кайра курууга бөлүнүп жаткан каражаттын ортосундагы айырманын көптүгүндө. Башкача айтканда, шаар дээрлик толук талкаланып калган болчу, бирок аны кайра тургузууга өтө аз акча бөлүнүп жатат. Бул аймактагы баардык айыл-кыштактар жок кылынган. Бул регионалдык жетекчиликке машакатты көбөйттү. Мен муниципиалдык жетекчи жана жөн гана тургун катары Халабжада аткарылган иштерге канааттанбайм. Бул жакта долбоорлор тез аранын ичинде ар кайсыл багыттарда ишке киргизилиши зарыл.

Халабжаны оңдоп-түзөөгө Багдат улам каражат бөлүнөт деп убада кылып келет. Анын аралыгында, химиялык чабуулдан тирүү калгандар үчүн 20 жылдан кийин деле шаарда “химиялык бомбанын” жыты кетпеген өңдүү.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG