Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:37

АКШнын ПРЕЗИДЕНТТИГИНЕ ТАЛАПКЕРЛЕРДИ ТАНДОО БАШТАЛДЫ


Айова штатында АКШнын эки негизги партиясынын өкүлдөрү президенттикке татыктуу деген саясатчылар үчүн добуш беришет. Бул талапкерлер иргелип, тандалчу жараяндын алгачкысы. Айовадагы “праймериз” шайлоодо жеңген саясатчы үчүн жалпы партиялык жыйында талапкер болууга кенен жол ачылат.

Айовадагы добуш берүү - ноябрда болчу президенттик шайлоого катышчу талапкерди тандоонун башталышы. Штаттын 1800 чамалуу коомдук борборунда өтчү жыйындарда Демократтык жана Республикалык партиялардын активистери президентке татыктуу деген талапкерлер үчүн добуш беришет.

«Кайсы талапкерлер жеңүүчү болушу ыктымал?»,-деген суроо менен азыр Айовада жүргөн «Эркин Европа/ Азаттык» үналгысынын директорунун орун басары Эмжей Биирге телефон аркылуу кайрылганымда:

-Сурамжылоолорго караганда, демократтар тараптан Барак Обама, Жон Эдварс жана Хиллари Клинтон үчөөнүн бирөөсү Айова штатында жеңип чыгат. Менин байкашымча, Барак Обама саясый өнөктүктү абдан кызыктуу өткөрүүдө. Анын тарапкерлери чоң шыктануу жана дем менен иштешүүдө. Республикачыларга токтолсок, алардан эки талапкердин мүмкүнчүлүгү көбүрөөктөй. Бири акчасы чектелүү Майк Хакаби болсо, экинчиси улутка таанымал Митт Ромни. Ал эми Жон Маккейндин өнөктүгү чаканыраак болууда. Таанымал Рудольф Жулиани Айовадагы праймеризге катышкан жок. Ошон үчүн,бул жерде жеңген республикачыл жалпы улуттук талапкер болчудай эмес. Ал эми демократ талапкер арасында өтө күчтүү таймаш жүрүүдө.

Эмжей белгилегендей, демократ-талапкерлердин ичинен Хиллари Клинтон менен Барак Обаманын мүмкүнчүлүктөрү тең сыяктуу. Буга чейинки сурамжылоолордо такай алдыда жүргөн Хилларин Обама менен теңелип калганы, мурдакы биринчи айымы үчүн бир топ опурталдуу.

Барак Обама Айовада эле эмес, жалпы улуттук шайлоодо жеңип чыгам деген бекем ишеничте:

-Мен кепилдик берем: Биз бул курултайда эмес, бардык праймериздерде жеңебиз, улуттук шайлоодо жеңебиз, биз алга барабыз жана өлкөнү Америка элинин атынан башкарабыз. Биз жумушчуларга жардамдашабыз, саламаттыкты сактоо тармагын оңдойбуз, энергетика саясатын реформалайбыз. Биздин тышкы саясатыбыз мазмуунду болот. Биз өлкөнү айыктырып, бүтүн дүйнөнүн көйгөйүн чечүүгө жардам кылабыз.

Мурдакы праймериздерге карасак, Айовада жеңип чыккан талапкерлердин ар бир экинчиси гана партиянын улуттук жыйынында президенттикке көрсөтүлгөн. Ошентсе да, беш күндөн кийин Нью Хэмпширде өтчү добуш берүүлөр талапкерлер үчүн абдан маанилүү. Алагчкы жеңиш саясатчыны катардагы талапкерден улуттун назарына түшкөн үмүткерге айлантат.

XS
SM
MD
LG