Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:01

ЛИТВИНЕНКОНУН ҮЙБҮЛӨСҮ АНЫН ӨЛҮМҮН МУРДАГЫДАЙ ЭЛЕ КРЕМЛДЕН КӨРӨТ


Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) мурдагы офицери, соңку жылдары Кремлдин сынчысына айланган Александр Литвиненко радиоактивдүү полоний -210 затына ууланып, Лондондо каза тапканына өткөн аптада бир жыл толду. Британ башкалаасында маркумду эскерүүгө арналган жыйында анын туугандары менен достору бул өлүмдүн артында орус өкмөтү турарын кайрадан кайталашты. Ал эми маркумдун үй-бүлөсүнүн атынан Орусияга каршы доо арыз Адам укуктары боюнча европалык сотко жолдонгону белгилүү болду.

Александр Литвиненкону эскерүү кечеси Лондондо ал былтыр 23 –ноябрда каза тапкан оорукананын алдынан башталды. Чайга себилген полоний -210 затына ууланган Литвиненко ал оруканада үч аптадай жаткан эле. Чогулгандарга маркумдун туугандары менен достору Литвиненко өзү өлөөр алдында жазып кетти делген катты кайра окуп беришти. Анда мурдагы чалгынчы өзүнүн ууландырылышы үчүн Кремлди айыптайт. Ал эми маркумдун жесири Марина Литвиненко Лондондогу пресс-конференцияда буларга токтолду:

- Бул али да жеке мен үчүн өзгөчө иш. Мен жолдошумду жоготтум жана анын өлтүрүлүшүнүн артында ким турарын билгим келет. Жалгыз эле мен эмес, дагы көп адамдар: досторубуз, туугандарыбыз, жөн эле карапайым кишилер жубайымдын киши колдуу болушунун артында ким турганын, ким жоопкер экенин билүүнү каалайт.

2000-жылы Орусиядан Британияга башпаанек издеп барууга аргасыз болуп, 2006-жылы ушул өлкөнүн жарандыгын алган Литвиненко калган маселелер менен катар Кремлди Москва жана башка шаарларда көп кабаттуу үйлөрдө орун алган жардыруулар үчүн да айыптап чыккан эле. Андыктан анын ууландырылышы ушул чуулгандуу билдирүүлөрү үчүн өч алуу катары бааланууда.

Бул аралыкта, Литвиненконун үй – бүлөсүнүн адвокаты Луиз Крисчен Адам укуктары боюнча европалык сотко орус өкмөтүнө каршы доо арыз берилгенин ырастады:

- Биз Маринанын( Литвиненконун жубайы) атынан Орусия федерациясы Александр Литвиненконун өлүмүнө катышы бардыгына же буга билип туруп жол бергени үчүн даттандык. Бул Европа конвенциясынын экинчи беренесине каршы келет. Европалык конвенцияга ылайык, өтө маанилүү укук – жашоого болгон укук.

Адвокат Луиз Крисчендин айтымында, Литвиненконун үй –бүлөсү жалдаган жеке иликтөөчү ал ууланган полоний - 210 радиоактивдүү заты Авангард электромеханикалык заводунан келгени аныктаган:

- Ал полоний -210 орус өкмөтү тарабынан көзөмөлдөгөн Авангард заводунан келиши толук ыктымал деген тыянак чыгарган. Андыктан, иликтөөчү Александр Литвиненкону өлтүрүүдө колдонулган полоний менен камсыздоодо орус өкмөтүнүн катышы бардыгы анык экенин айтууда.

Мурда өзөктүк курал өндүрүшүнө тиешелүү болгон бул ишкана Нижегород облусундагы Саров шаарына жакын жерде жайгашкан.

Эгер Адам укуктары боюнча Страсбургда жайгашкан европалык сот берилген доо арызды туура деп тапса, Орусияны 47 өлкө мүчө Европа Кеңешинин курамынан чыгаруу маселеси көтөрүлүшү мүмкүн.

Британиянын тергөөчүлөрү Литвиненконун өлүмү үчүн башкы шектүү адам катары Андрей Луговой аттуу ишкерди атаган эле. Орусия аны Британияга өткөрүп берүүдөн баш тарткан. Расмий Москванын түшүндүрмөсүнө караганда, буга өлкө Конституциясы тыюу салат. Луговой азыр Владимир Жириновскийдин Либералдык –демократиялык партиясынын атынан Мамлекеттик думанын депутаттыгына талапкер. Литвиненконун өлүмүнүн бир жылдыгына тушташ жасаган билдирүүлөрүндө ал бул кылмышка катышы бардыгын кайрадан төгүндөдү. Луговойдун айтымында, аталган иштин артында британ коопсуздук кызматтары турат. Эгер ага каршы жаңы далил табылган күндө да, ал жасалма болот.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG