Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:11

КҮРТ ЖУМУШЧУ ПАРТИЯСЫ ТҮРКИЯГА ТАЛАП КОЙДУ


Түркиянын куралдуу күчтөрү Күрт жумушчу партиясы- ПККнын өңүттөрүнө чабуул койгонду токтотуп, Түндүк Иракка басып кирүү планынан баш тартса, ПККнын согушчандары ок атууларды токтотууга макул экенин билдирди. Жекшемби күнү Ирак чек арасына чукул жайда козголоңчулар түркиялык 12 аскерди катардан чыгып, сегиз жоокерди туткунга алгандан кийин Анкара бул аймакка кошумча аскер тарта баштаган эле. 17- октябрда Түркия парламенти армиянын Ирактын түндүгүнө кирип, күрт согушчандарына каршы операция өткөрүүсүнө уруксат берген.

Түркия күрт эрегишчилерине каршы операция өткөрүү үчүн Ирактын чек арасына кеминде 100 миң аскер жайгаштырган. Ройтерс агенттиги чек арага танктар, F- 16 учактары, тикучарлар да тартылып, каруу жарак ташыган машинелер үзбөй келип жатканын маалымдайт.

Анкаранын ырасташынча, Түндүк Иракта ПККнын 3, 5 миңдей согушчаны бар. Жекшемби күнү эртең менен Ирак чек арасындагы Даглица кыштагына жакын жерде күрт козголоңчуларынын буктурмасына кабылып, түрк армиясынын 12 аскери окко учкан, 16 аскер жарадар болгон, 8 жоокер изсиз жоголгон. Жоголгон 8 аскер туткунга алынганы кийин тастыкталды. Түрк армиясы чабуулга ошол замат жооп берип, ПККнын 32 жоокерин жок кылган.

Дүйшөмбү күнү Түркиянын жетекчилиги шашылыш жыйын өткөргөндөн соң, Түндүк Ирактагы күрт эрегишчилерининбазаларына сокку ургандан мурда, абалды жөндөөнүн дипломаттык жолун издей турганын билдирди. Эларалык коомчулук сурангандан улам Түркия ушундай кадамга барды, деди Тышкы иштер министри Али Бабажан.

Премьер- министр Режеп Тайып Эрдоган жекшемби күнү АКШнын Мамкатчысы Кондолиза Райс менен телефондон сүйлөшкөндөн кийин ПККнын согушчандарына каршы жортуулду бир нече күн баштабай турууга макулдук берген. Вашингтон эртеси Ирак өкмөтүн күрт козголоңчуларынын чабуулун токтотууга чакырды.

21- октябрда Ирак парламентинде Түркия парламентинин Түндүк Иракта күрт козголоңчолоруна каршы операция өткөрүүсүнө уруксат берүүсүнө байланыштуу түзүлгөн кырдаал талкууланды. Парламент төрагасы Махмуд Машхадани мындай операция коңшу эки мамлекет арасындагы алакага зыян келтирерин белгилеп, ПККнын согушчандарын Ирактан чыгып кетүүгө үндөдү:

-Ирак парламенти Ирактын территориясынан коңшу өлкөлөргө багытталган бардык куралдуу аракеттерди айыптап, Күртистан эмгекчи партиясынын же Күртистан жумушчу партиясынын куралчан мүчөлөрүн Ирактын территориясын таштап кетүүгө чакырат жана Ирак өкмөтүнөн аталган партиянын Ирак территориясынан жүргүзгөн аракеттерин токтотууну талап кылат.

Күрт козголоңчуларынын жекшемби күнкү чабуулу түркиялактардын нааразычылыгын жаратууда. Дүйшөмбү күнү Ыстамбулда 3 миңдей адам, Анкарада да 8 миңдей студент демонстрацияга чыгышып, премьер- министр Эрдоганды ПККнын Түндүк Ирактагы базаларына токтоосуз сокку урууга чакырышты. Ыстамбулда жекшемби күнү да ушундай демонстрация өткөн.

XS
SM
MD
LG