Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:37

ОРУСИЯДА РОМАНОВ ПАДЫШАНЫН КЫЗЫ МЕНЕН УУЛУНУН СӨӨГҮН ТААП АЛЫШТЫБЫ?


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы 1918-жылы 16-июлда Орусиянын акыркы падышасы Романов үй-бүлөсү менен Екатеринбургда атылгандан кийин алардын сөөгүн большевиктер шаардын четине алып чыгып жашырып жок кылышкан экен. Бирок, 1991-жылы падыша бүлөсүнүн тогузунун сөөгү табылган бул күндөрү дагы экөөнүн сөөгү табылгандыгы кеп болууда. Ошондон улам Орусиянын башкы прокурору иликтөө ишин баштаганы дайын болууда. Екатеринбургдагы илимий жана коомдук уюмдар табылган сөөктөр падышанын балдары Алексей менен Марияныкы дешет. Орусиялык императордук үй болсо молекулярдык–генетикалык экспертиза чыкканга дейре кесе ой айтуу кыйын деген.

Падыша Романовду аттыруу большевиктер партиясынын Урал облустук советинин президиуму жана Элдик комиссарлар кеңешинин чечими менен ишке ашкан. Падыша менен кошо аны менен бирге жашап аткан бүлөсү, дарыгери, ашпозчусуна дейре баардыгы 11 жан жок кылынган. «Перестройканын» тушунда Николайдын сөөгү кара жолдун таманына көмүлгөн экен, ошол жерден таап алышкан. Аны менен кошо көмүлгөн дагы 9 дене табышып, аларды 1998-жылы 17-июлда, Санк-Петербургдагы орусиялык императорлор көрүстөнүнө коюу каадасы өткөн. Ошол каада үстүндө сүйлөгөн сөзүндө Борис Ельцин мындай деген эле:

«Романовдор ысымдары менен Мекен тарыхынын көптөгөн даңктуу барактары байланыштуу».

Орусиянын акыркы падышасынын бүлөсү - так айтканда Николай Экинчинин аталаш бир тууганынын кызы Мария Владимировна - азыркы орусиялык бийликтен падышанын бүлөсүнүн саясий репрессиянын курманы болгондугун күбөлөчү чечим чыгарып бер деп өтүнүч менен кайрылган. Бирок, Орусиянын Башкы прокуратурасы алигиче тил эмизип келе жатат. Ошол себептен азыркы Орусиянын Башкы прокурорунун иликтөө ишин баштаганы жакшы жышан дешет.

Кызык жери, ырасмий бийлик: «падышанын бүлөсүн жок кылуу катардагы кылмыштуулукка окшош, эмне дегенде Урал облустук советинин президиуму менен Элдик комиссарлар кеңешине Лениндин же Свердловдун буйругу болбоптур», - деп жооп берген.

Николай Экинчинин сөөгүн чындыгында эле аныкы экенин далилдеш үчүн 8 жылга чукул убакыт кеткен. Көптөгөн эксперттер - алардын арасында америкалык жана британдык генетиктер - иликтөөлөрү сөөктүн орусиялык падышаныкы экенин айгинелеп чыгышкан.
Бала кезинде большевиктер аткан Алексей падышанын акыркы мураскору эле дешет. Ошондон улам эми Романовдор тукумунан падышалык такты ээлегидей мураскор калбаганын айтышат.

XS
SM
MD
LG