Соңку күндөрү Пакистандан түшкөн кабарларда өлкөдө өзгөчө кырдаал киргизилишине аз калды деген маанай күчтүү эле. Түнкүсүн мыкты куралданган атайын күчтөр Пакистандын башкалаасы Исламабаддагы стратегиялык жайларды күзөтүп жатканы маалымдалган. Исламабадда чыгуучу англис тилдүү “Доун” гезити коопсуздук күчтөрү менен полиция негизинен башкалаа жана дагы бир маанилүү шаар Равалпиндиде жайгаштырылганын кабарлаган.
Президент Мушарраф өкмөттүн улам бир жабык жыйынын өткөрүп, өлкөдө жайылып бараткан ички экстремалдык коркунучтарга каршы туруп, аларды жеңүүнүн жолдорун талкуулап жаткан. Соңку айларда Пакистанда орун алган куралдуу кагылыштар Мушаррафтын бийлик кудуретине бир топ эле зыян келтиргендей болду. Өткөн айда Кызыл мечиттеги эрегиш аскерлердин чабуулу менен аяктап, ондогон радикал исламчылар набыт болуп, андан улам ашынган динчилдердин өкмөткө каршы чабуулу күчөйт деген коркунуч пайда болгон. Шаршембиде Пакистандын маалымат министринин орун басары Тарик Азим Хан кыйын акыбалдан чыгып кетиш үчүн өзгөчө кырдаал жарыялоо зарыл деп билдирген.
Бирок бейшембиде анын түздөн-түз жетекчиси, маалымат министри Мохаммад Али Дуррани айрым саясий күчтөрдүн кысымына карабастан президент Мушарраф чукул кырдаал киргизбөө тууралуу чечим кабыл алганын жар салды. Дуррани Пакистандын лидери күздө калыс жана эркин шайлоо өтөөрүнө ишенет жана ага көлөкө түшүрө турган кадамдарга жол бербейт деп белгиледи. Исламабаддагы бул жаңылыкка АКШ президенти Жорж Буш колдоо билдирди.
- Менин көз карашымда, Пакистандын ички саясатында азыр эркин жана адилеттүү шайлоо өткөрүү баарыдан маанилүү, биз бул маселени өз ара талкуулаганбыз жана бул үмүт ишке ашат деп ишенем.
Өзгөчө кырдаал жарыяланса, президент соттордун ролун чектеп, жыйналыш өткөрүү, ары-бери каттоо өңдүү негизги эркиндиктерди кыскартууга аргасыз болмок. Шайлоо алдында жарандык укуктарды чектөө тең укуктуу атаандаштыкка тоскоолдук болоору талашсыз.
Пакистандык саясий эксперт Ризви Хасан-Аскари өлкөдө кырдаал чынында эле кыйын болуп турганын, Кызыл мечиттеги куралдуу кыргындан кийин өлкөдөгү бытыранды исламчыл күчтөр биригип, баары бирдей өкмөткө касын тигип калганын айтат. Хасан-Аскаринин пикиринде, президент Мушарраф ушундай оор кырдаалда күзгү шайлоодо кызмат ордун сактап калуу максатын өлкөдөгү бейпилдиктен жогору койгон чечим кабыл алды.
Пакистанда президенттик шайлоо сентябрдын 15инен октябрдын 15ине дейре, 1 айга созулаары белгиленген.