Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:21

УКРАИНАДА БЫЙЫЛ ЖАРЫМ ТОННАДАЙ ГЕРОИН КАРМАЛДЫ


Жакында Украинанын коопсуздук күчтөрү Америка жана Түркиялык адистер менен бирге уюшулган рейд маалында 174 килограмм героинди колго түшүрүштү. Бул маалымат Украина – Европада даярдалган синтетикалык маңзаттар, ошондой эле Ооганстан менен Ирандан баш алган героинди ташуу жолундагы кыйчалыш түйүнгө айланганын дагы бир ирет тастыктады.

23-июль күнү Украинанын Ильичевск шаарында кармалган жүк ташуучу машиненин түп жагындагы жашыруун бөлүктөн 174 килограмм героин кармалды. Бул окуя – Украина, АКШ, Түркиянын маңзаттарга каршы агенттиктери биргелешип жүргүзүп келаткан узак операциянын алкагында ишке ашты. Грузиядан келаткан машиненин Түркиялык айдоочусу камакка алынды, кооптуу жүк – быйыл Украинада кармалган эң ири көлөмдөгү маңзат деп жарыяланды. Анын алдында эле Украинанын коопсуздук кызматы атайын билдирүү таратып, өлкө Ооганстан, Иранда даярдалган героин менен Батыштан баш алган синтетикалык маңзаттарды чет өлкөлөргө ташуу жолундагы опуртал түйүнгө айланып баратканын, ага кошумча дүйнөнүн ар башка жерлеринде бети ачылган маңзат аткезчилигине украин улутундагылар улам көбүрөөк аралашып баратканын тынчсыздануу менен белгилеген.

Бул билдирүүнүн жарыяланышына май айында Киевдин так ортосунда кармалган 114 килограмм героин түрткү болгон. Украинанын коопсуздук кызматы жеңил машинеге опурталдуу затты жүктөп аткан жеринен Түркия жараны кармалганын билдирип, бул рейд – Европага героин ташыган уюшкан кылмыштуу топко каршы атайын эл аралык операциянын алкагында жүзөгө ашырылганын кошумчалаган.

Андан мурдараак, апрель айында Батыш Европадан синтетикалык маңзаттарды ташып келип соодалаган уюшкан топ колго түшүрүлгөн. Украинанын ар башка тарабында кармалган 4 шектүү кишинин жан-жагынан табылган экстази, кокаин, амфетамин өңдүү күчтүү синтетикалык маңзаттардын жалпы баасы 200 миң АКШ долларына бааланган. Кармалган 4 кишиден алынган баалуу маалыматтын жардамы менен кийин Батыш Европа өлкөлөрүнүн биринде дагы 4000дей экстази таблеткасы жана 1 кг амфетамин катылган түйүндүн бети ачылганын киевдик тергөөчүлөр кабарлашкан.

Февраль айында дагы эле Киев, Вашингтон жана Анкаралык адистердин биргелешкен аракетинин натыйжасында Украинанын Херсон регионунда апийимден героин даярдаган жашыруун лаборатория табылган. Ал жайды сыртынан аңдып отуруп, коопсуздук кызматкерлери микроавтобуска 124 кг героин жүктөп аткан жеринен кылмыштуу топту кошо кармашкан. Эл аралык биргелешкен операциянын акыбети кайтып, эң соңку маалымат боюнча, быйылкы жылдын 1-январынан бери Украинада бардыгы 32 млн долларга бааланган 460 кг дай героин кармалып, 7 кылмыштуу топ тузакка илинди. Киевдик адистердин айтымында, бул Украинада соңку 15 жыл ичинде кармалган героиндин жалпы көлөмүнөн жогору көрсөткүч. Ошентсе да, чет элдик эксперттер бул Украина аркылуу Батыш Европага ташылып өткөн героиндин аз гана бөлүгү экенин айтышат, маселен, АКШнын Юстиция департаменти маңзат аткезчилери Украина аркылуу жылына кеминде 20 тоннадай героин алып өтүшөт деп эсептейт. Эл аралык эксперттердин баамында, Украина маңзаттар жолундагы ыңгайлуу ашуу жолго айланышына күч органдарындагы коррупция, Орусия менен кесилиш аймактардагы жана Кара деңизди жээктеген чек аралардагы көзөмөлдүн начардыгы себеп болууда.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG