Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:43

ЖАНКЕЧТИ ЖАРДЫРУУЛАРДЫ ЖАКТАГАН МУСУЛМАНДАР АЗ


Эл аралык сурамжылоо көргөзгөндөй, дүйнө мусулмандары арасында жанкечтилердин жардырууларын колдогондордун саны соңку беш жыл ичинде бир топ азайган. Вашингтондо жайгашкан Pew Global Research борборунун 47 өлкөдөгү сурамжылоосу ушундай жыйынтык берди. Жалпылап айтканда, сурамжылоо уюшулган мусулман калкы көп 16 өлкөнүн 15инде жанкечти бомба жардыргычтарга эч кандай актоо жок деген жооп үстөмдүк кылган.

Дүйнөлүк изилдөө борборунун сурамжылоосу көргөзгөндөй, мусулмандар арасында соңку 5 жыл ичинде өз өмүрүн өзү кыйып, башкаларды да аябаган жанкечти жардыргычтарды жактагандардын саны орто эсеп менен 2 эсе азайган. Мисалы, 2002-жылы Ливанда жашаган мусулмандардын 72%ы жанкечти бомба чабуулдары көпчүлүк учурларда айла жок иш деп актаса, быйыл андай жардырууларды колдогон ливандыктар 34%ды гана түзгөн. Бангладеш, Иордания, Индонезияда да далай бейкүнөө кишилердин өмүрүн алган кыянатчыл шахиддерге жан тарткандар 2 эсе, Пакистанда 3,5 эсе кыскарган.

Кыргызстан мусулмандарынын лидери, муфтий Муратаалы Ажы Жуман уулу биз менен болгон маегинде өз өмүрүн өзү кыйгандарды ислам дини, Шарыят катуу жектейт, мындай көрүнүштү акылы бар адам эч убакта колдобойт деп басым жасады.

-Албетте, өз жанын өзү кыюу, өз жанын өзүнө кас кылуу, өзүн өзү өлтүрүү – бул Шарыяттын эң жаман көргөнү, Шарыятта арам деп аталган, Шарыят кайтарган иштер. Кала берсе, көп диний маселелерде өзүн өзү өлтүрүү – бул кудайдын буйругуна каршы чыгуу, ошол кудайдын тагдырына ишенбөө, ошого каршы чыгуу деп эсептелет. Ошон үчүн мисалы, бир ырыскы, же болбосо бир жетишпестик, же болбосо кандайдыр бир тагдырга таарынуудан улам өз жанын өзү кыйгандар, бул чындыгында, акылды өтө кенен пайдалана албай, жараткандын бар экенине терең ишене албай, ыйманы толо бекем боло албагандыктын кесепетинен ушундайга барып атышат. Ошондуктан мен ойлоор элем, бул өзүн өзү өлтүргөндөрдүн санын азайтуунун бир эле жолу – ыймандуулукту, динди жакшы түшүнүү болуш керек, жаштайынан ушуну түшүнсө, өзүнүн жанын өзүнө кас кылгандар азаят эле.

Муратаалы Ажы айткандай, Шарыят боюнча кандай максатта, же шарттарда болбосун өз өмүрүнө өзү балта чапкан кишиге актоо жок. Ушундай эле маанайдагы пикирлерин Алматыдагы мечиттен чыгып келатып “Азаттыктын” кабарчысы менен маектешкен казак жарандары да ырасташкан.

Ошентип, АКШлык изилдөө борборунун иликтөөсү айгинелегендей. мусулмандар басымдуулук кылган 16 өлкөнүн 15инде негизинен жанкечтилердин жардырууларына актоо жок деген пикир үстөмдүк кылса, Палестинада суралгандардын 70%ы андайга шахиддер айла жоктон барып атышат деп жооп берген. Экстремисттик аракеттерди айыптоо менен бирге “Аль-Каида” уюмунун жолбашчысы Осама бин Ладенге ишенген мусулмандар да азайган. Алсак, 2003-жылы Иорданияда элдин 56%ы аны урматтай турганын айтса, быйыл башкы аль-каидачыга ишенгендердин саны 20%ды түзгөн. Палестинада Осама бин Ладендин жактоочулары көбүрөөк, 57%га жеткен.

Pew Global Research борборунун изилдөөсү Ливандыктардын 88%ы, Кувейтте суралгандардын 73%ы, Пакистанда ушундай эле сандагы адам дүйнө мусулмандары үчүн ушу тапта шийилер менен суннилер ортосундагы эрегиш баарынан чоң көйгөйгө айланды деген пикирлерин айтышкан.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG