Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:05

ТООЛУУ КАРАБАХТА ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛОО ӨТҮҮДӨ


Бүгүн эларалык коомчулук тааныбаган Тоолуу Карабахта президенттик шайлоо күнү. Кетип бараткан президент Аркадий Гукасяндын ордуна беш талапкер ат салышат. Шайлоодо мурдакы советтик чекист-Бако Саакян жеңет деп күтүлүүдө. Закарян- өзүн Азербайжандан күнкорсуз эсептеген аймактын Коопсуздук кызматынын мурдакы башчысы. Аны республиканы башкаруучу эки партия колдоодо. Шайлоо талаштуу аймактагы жагдайга кандай таасир этиши мүмкүн?

Армения парламентинин делегациясы Тоолуу Карабахка шаршемби күнү келди. Азербайжан Тоолуу Карабахтагы шайлоону мыйзамсыз деп сындады. Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Казар Ибрагимдин билдиргенине караганда:- Азербайжан өз позициясында бекем турат жана аны өзгөртпөйт. Шайлоо дегендери мыйзамсыз жана мыйзамый күчү жок. Алар болочокто өткөрчү ар кандай шайлоолор Азербайжандын башмыйзамына, эларалык мыйзамдын нормаларына жана принциптерине ылайык, ошондой эле азербайжан жамаатынын катышуусу менен өткөрүлсө гана адилеттүү жана мыйзамдуу болот.

Эларалык коомчулук, анын ичинде Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму - ЕККУ Тоолуу Карабахты тааныган эмес. Ошондуктан бүгүнкү шайлоону мыйзамсыз деп санайт.

ЕККУнун калабаларды алдын алуу борборунун Кавказ бөлүмүнүн башчысы Гари Камаринен Карабахтагы шайлоо Азербайжан- Армения ортосундагы сүйлөшүүдө козголуп, эки тараптын канын кызытат деп этияттанат:

-Шайлоонун өтөрү кадиксиз жана Карабах бийликтеринин өнөктүктү уюштуруусу- Азербайжан жактын кыжырына тийчү фактор болот.

Карабахтын жетекчилиги Армения- Азербайжан аралык сүйлөшүүгө катышпагандыктан, шайлоо тынчтык жараянына көп деле таасир этпейт дегендер да бар. Эки жактуу тынчтык сүйлөшүүсүнүн арачысы- ЕККУнун Минск тобу.

Демейде талаштуу аймактарда шайлоо мыйзамсыз болгону менен, жеңүүчү мурдатан маалым. Алсак, соңку сегиз айда Грузия курамындагы Түштүк Осетия менен Абхазияда, Молдованын амирин чанган Приднестровьеде же президенттик же парламенттик шайлоолор болду. Алардын баарында тең жергиликтүү жикчилер жана алардын Москвадагы аталыктары колдогон талапкерлер жеңди. Шайлоо болсо башкаруучу кландын бийлигин мыйзамдаштыруучу куралына айланган. Ушундан улам Тоолуу Карабахтагы шайлоодон кийин эч кандай өзгөрүү болбойт деп тыянак кылат Ереванда чыкчу “Аравот” гезитинин серепчиси Арам Абрамян:

-Канткенде да Тоолуу Карабах кандайдыр бир бийлик болушу керек. Бийлик же шайланыш, же дайындалыш, же мураска берилиш керек. Бийликтин жогунан көрө минтип шайланып жатканы жакшы. Шайлоо болбосо- анархия болмок. Шайлоодон жакшы да, жаман да болбойт.

XS
SM
MD
LG