Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:48

БОЛГАРИЯ ЛИВИЯДА СОТТОЛГОН 6 МЕДИКТИ МЕКЕНИНЕ КАЙТАРУУ АРАКЕТИНДЕ


АКШ жана Евробиримдик Болгарияга үн кошуп, Ливия өкмөтүн өлүм жазасынын ордуна өмүрүнүн аягына дейре түрмөгө кесилген алты чет элдик дарыгерди мекенине кайтарууга чакырышты. Болгариялык 5 медсестра жана палестиналык догдурдун өкүмү – Ливиянын бийликтери ВИЧ-инфекция жуктурган 400дөн ашуун баланын туугандарына компенсация төлөп берүүгө уруксат бергенден кийин жумшартылды. Бул окуя үчүн айыпталган алты дарыгер 8 жылдан бери Ливияда түрмөдө отурушат.

Ливиянын Жогорку соту шейшембиде абактагы дарыгерлерге чыгарылган катаал өкүмдү өмүр бою түрмөгө кесүү менен алмаштырганын Болгария кызуу кубаттоо менен кабыл алды. Анткен менен, Болгариянын тышкы иштер министри Ивайло Калфин бул иш аягына чыгаарына али көп бар деп белгиледи:

- Ливиянын Жогорку сотунун бул чечими абдан маанилүү, ак ниет кадам болду. Бирок биз бул ишти медсестралар Болгарияга кайтып келгенде гана жабык деп эсептейбиз. Бул чечим өлүм жазасын жокко чыгарды жана эми аларга укуктук жактан жардам берүүгө жол ачылды.

Ырасмий София Ливия менен өз ара туткундарды алмашуу тууралуу макулдашуунун негизинде медиктерди Болгариядагы түрмөгө которуу боюнча документтерди камдап жатканы жарыяланды. Айрым маалыматтар боюнча, Триполинин азырынча бул аракеттерге каршы чыгуу ниети жок. Алсак, Ливиянын тышкы иштер министри 17-июль күнү туткундарды Софияга өткөрүп берүү мөөнөтү эки өлкө ортосундагы келишимдердин жана саясий кызматташтыктыктын негизинде аныкталат деп билдирди.

Соңку кездери абактагы алты чет элдик медикти бошотуу туурасында Ливияга жакшы эле эл аралык кысым көргөзүлдү. Франциянын Болгариядагы элчиси Этьен де Понсин шейшембиде Триполиге кайрылып, дагы бир ирет Париждин билдирүүсүн кайталады:

- Биз Ливиянын бийликтерине болгариялык дарыгерлер мекенине кайтып бармайынча Франция менен Ливия ортосунда, же Ливия менен Евробиримдик ортосундагы мамилелер оңолбойт деп ачык айттык.

Болгариялык 5 медсестра жана палестин догдур – 1999-жылы Ливияда 438 жаш балага ВИЧ-инфекциясын жуктурду деп айыпталып, абакка отургузулган. Дарыгерлер абактагы кыйноолордон улам бул иш ичин жоопкерчиликти өзүлөрүнө алганын билдиришип, кийин сотто күнөөсү жок экенин кайталап, балдардын коркунучтуу инфекцияны жуктуруп алышына ооруканалардагы санитардык нормалардын сакталбашы себеп болгонун айтып актанышкан.

Шейшембиде Ливиянын бийликтери ал окуядан жабыр тарткан ар бир баланын үй бүлөсүнө 1 миллион доллардан төлөнүп берилгенин жарыялашты. Бул акча – болгариялык алты дарыгердин өмүрүн сактап калууга төлөнгөн кундун эсебинен таратылды. 6 дарыгердин өмүрү үчүн ири суммадагы акчаны ким чыгарганы белгисиз, Болгария жана Евробиримдик бул ишке кийлигишпегенин, акча төлөп беришсе, абактагылардын күнөөсүн моюнга алганга барабар болмок экенин билдиришти.

Ассошиэйтед пресс кабарлагандай, ушуга дейре 8 жыл мурда Ливияда ВИЧ-инфекция жуктурган 400дөн ашуун баланын 56сы СПИДден көз жумду.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG