Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:12

СУРОО-ЖООП: ИРАКТЫН КООПСУЗДУК КЕҢЕШЧИСИ САУДИ СОГУШЧАНДАРЫ ТУУРАСЫНДА


Ирактын Улуттук Коопсуздук кеңешчиси Мувафак ал-Рубаенин айтымында, Иракта америкалык жана ирактык коопсуздук күчтөрүнө жана карапайым адамдарга каршы чабуул жасаган чет элдик согушчандардын тең жарымы Саударабстандан. Ал-Рубае жакында Саутарабстанда болуп, падышачылыктын жетекчилери менен согушчандардын Иракка агымын токтотууну талкуулады. Ал Иракка кайтып келгенден кийин "Азаттыктын" араб тилиндеги кызматы ал-Рубае менен маектешкен эле, мына ошол маекти эфирге Жаңыл Жусубжан даярдады. Маек Сауд Арабия падышачылыгы сауди согушчандарына кандай позицияда экен деген суроонун жообунан башталды.

Жооп: - Биз падышачылыктагы ага-инилерибиз менен терроризмге каршы бирге күрөшүүгө макулдаштык. Биздин саудилик бир туугандарыбыз Иракты коопсуздук маселелеринде колдоого сөз беришти. Биз чалгын маалыматтары жана каражаттардын агымы боюнча маалымат алмашып турууга макулдаштык. Иракта машина менен бомба жардырып, же бомбаны белине байлап алып, өз жанын кыйган жанкечтилердин 50 пайыздан ашыгы саудилер экени жашыруун эмес. Биздин сауди туушкандарыбыз бул агымды токтотуу үчүн аракет кылып жатабыз деп убада кылышты. Биз мындай иштерге сауди өкмөтү аралашкан деп айткан жокпуз, бирок жанкечтилер саудилер болгондуктан, бул агымды токтотуу сауди өкмөтүнүн милдети.

Суроо: - Башка коңшу өлкөлөрдөн террористтердин көп санда эспорттолушун токтотууда Саударапстан кандай рол ойной алат? Анткени бул өлкөнүн бүт аймакта таасири чоң. Бул жаатта кандай келишимге жетиштиңер?

Жооп: Падышачылык Перси булуңунда гана эмес, бүт араб жана ислам дүйнөсүндө, ошондой эле эл аралык сахнада чоң рол ойнойт. Биз мына ушул кырдаалдан пайдаланып, ошондой эле Падышачылыктын диний позициясын, анын Иракка болгон таасирин колдонуп, айрым элементтерди саясий жараяндарга тартып, аларды саясий жараяндарга катышууга үндөөнүн жолдорун карап жатабыз. Биз саясий аспектилерди майда-чүйдөсүнө чейин талкууладык. Биз ошондой эле Ирактын Улуттук биримдик өкмөтүнүн жетишкендиктери, Иракдын куралдуу күчтөрүн куруудагы өзгөрүүлөр, акимчиликтерде жана армияда коопсуздук милдеттенмелерди өткөрүп алууну талкууладык.

Суроо: - Саударабстанда айрым мурдагы өкмөт өкүлдөрү Иракта сунилерди колдойбуз дегендей билдирүү жасашкан. Бул жаатта өзгөрүү барбы?

Жооп: - Биз падышачылык кайсы бир фракцияны колдоп жатат деген түшүнүк эч кимге пайда алып келбей тургандыгын айттык. Падышачылыктагы биздин ага-инилерибиз Ирактын биримдигин, суверендүүлүгүн жана көз карандысыздыгын сактап калууга өтө кызыкдар. Алар Ирактын күчтүү болушун, чет элдик таасирден арылышын каалашат. Бул биз үчүн өтө баалуу жана биздин көз карашыбыз менен төп келет.

XS
SM
MD
LG