15-июль күнү Израилдин президенти катары эл алдында ант берип, 7 жылдык бийлик мөөнөтүн баштап жатып 83 жаштагы Шимон Перес буларга токтолду.
- Мен бул кызматка киришүү алдында көп кишилердин, анын ичинде премьер министр Ольмерт, депуаттар, мен үчүн таптакыр күтүүсүз тараптардын жана айрым таасирдүү, ошондой эле жөнөкөй эле кишилердин өтүнүчү боюнча өз өлкөмө акыркы салымымды кошуп, бул өтө ардактуу милдетти аткарууну туура көрдүм.
Шимон Перес – Семен Перский деген ысым алдында 1923-жылы ал кезде Польшага караштуу, азыркы Беларустагы Вишнева кыштагында төрөлгөн. Атасы курулуш материалдарын саткан соодагер, энеси орус тили жана адабияты боюнча мугалим болгон. Шимон 11 жаш кезинде үй бүлөсү Палестинага көчүп барып, орто мектепти бүтүргөн соң Тель-Авивдеги айыл-чарба институтунда окуган. Өзү бир кибуц, же фермерлер чарбасын түптөп, иштеп келатып 25 жашында Израил армиясына кошулуп, бат эле сүйлөшүү жүргүзүү чеберчилигин, акылдуулук менен турмуштук тажрыйбасын айкалыштыра билген жаш жигит саясий тепкичте улам өйдө көтөрүлүп отурат. Ошондон бери Шимон Перес 3 жолу Израилдин премьер-министри, тышкы иштер, финансы жана коргоо министри болуп да иштеди. Баш аягы ал өлкөнүн 12 өкмөтүндө кызмат өтөп, Кнессет, же Израил парламентине 5 партиянын атынан шайланды. Эми быйыл 13-июнь күнү, 83 жаш курагында 7 жылга президент болуп бекитилди.
Жаш кезинде коргоо министрлигинде иштеп жүрүп, Перес 1950-жылдары Франция менен сүйлөшүү аркылуу Израилдин алгачкы атомдук реакторун курууга салым кошкон дешет. Ошол реактордун жардамы менен Израил кийин атомдук курал даярдаган деген маалыматтар бар, бирок Тель-Авив ушуга дейре ак, же көк деп ачыгын айта элек. 1990-жылдары Ицхак Рабиндин өкмөтүндө тышкы иштер министри болуп иштеп жүрүп Шимон Перес өз жетекчисине айтпай жашыруун түрдө Палестинанын лидери Ясир Арафат менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштайт. Көп узабай ал тууралуу Рабин билип калып, бул иштерди улантууга уруксат берген, ал аракеттердин натыйжасында 1993-жылы Израиль менен Палестина ортосунда Осло тынчтык макулдашуусуна кол коюлган. Ал макулдашуу үчүн Рабин, Перес жана Арафат Тынчтык жаатындагы Нобель сыйлыгын алышкан.
Андан берки жөөт-палестин чатактары Осло макулдашуусунун баркын кетирди, Шимон Перести израилдик сатириктер “талыкпас кыялкеч” деп да аташты. Саясий ишмердиктен чарчабаган Перес 5 жолу Кнессетке шайлоодо уттурду, 3 жолу премьерликке дайындалбай кулады. Ошентсе, да анын Израилдин 12 өкмөтүндө министр, 3 жолу премьер болуп иштегени өзүнчө рекордго айланды.
Анын 80ден ашкан жубайы Соня Перес оорунун айынан күйөөсүнүн президенттик ант берүү аземине катыша алган жок, бирок карт саясатчыны 2 уул, 1 кызы жана 8 небереси менен 2 чөбөрөсү айланчыктап жалгызсыратышкан жок. Израилде президенттин колунда чектелүү гана бийлик бар, көпчүлүк укук өкмөт башчы менен парламентке жүктөлгөн. Шимон Перес мурдагы шайлоодо уттурган атаандашы Моше Кацавдын ордун басты, экс-президент кол алдындагы кызматкер аялдарга сексуалдык кысым көрсөткөн деген жаңжалдын айынан иштен кетүүгө аргасыз болду. Ошондуктан Израилде гана эмес, эл аралык да кадыр-баркы бар Шимон Перес президент болгонун Тель-Авивдик саясатчылар кызуу колдоп чыгышты.