Лал Масжид же Кызыл мечит бүгүн Исламабаддагы айыгышкан тирешүүнүн очогуна айланды. Жекшембиде мечиттеги негизинен аялдар менен жаш балдардан турган туткундарды бошотуу аракети жасалган эле. Бул чабуулда Пакистан армиясынын кол башчыларынын бири каза тапканы маалым болду. 3-июлда шейшембиде башталган тирешүүдө бүгүнгө чейин 20дан ашык киши өлтүрүлдү. Ишембиде президент Первез Мушараф Кызыл мечитте бекинип алган радикал динчил студенттер багынып бербесе, сөөктөрү сөпөт болоорун эскерткен эле. Ал ошондой эле бул студенттер аялдар менен балдарды тирүүлөй калканч катары пайдаланып жатат деп айыптап, аларды дароо бошотууну талап кылган.
Жекшембиде мечиттин улук молдосу Абдул Рашид Газни ал өкмөт каалагандай, шарт коюсуз багынып бергенден көрө, өз жолдоочулары менен кошо жанын курмандыкка чалганга даяр экендигин бышыктады.
Газни ошондой эле мечиттегилердин өлүмү Пакистанда төңкөрүштүн отун тутунтат деген үмүтүн кошумчалады. Газнинин билдирүүсү жергиликтүү гезиттердин биринде жарык көрдү.
Аталган молдо мечитте балдарды күч менен кармап жатышат деген ырастоону четке кагып, алар өз каалоосу менен өзүн колдоп туруп жатышканын билдирди. Мечитти курчоого алган армия мечитке чабуул жасоого даабай турат, бирок айланасында куралдуу кагылышуулар орун алууда. Жекшембиде бул жердеги атышуулардын жана жардыруулардын добушу бүт шаарда жаңырып турду.
Пакистандын коопсуздук кызматтары мечиттеги коргонууну жетектегендердин экөө америкалык журналист Даниел Пөрлдүн өлүмүнө тийешеси бар ал-каидачылар деп ырастоосо.
Пакистандын маалымат министринин орун басары Тарик Азеем тиреште 24 киши курман болгонун, 50 чактысы жараты менен ооруканада экендигин билдирди. Ал Газинин жекшембидеги кагылышууда 300 киши окко учту деген ырастоосун күлкү келээрлик деп четке какты.
Пакистандын өкмөтү мечиттеги террористтер автомат, граната, күйүүчү май бомбасы жана башка курал менен куралданган деп айтууда.
Аскерлер коопсуздук күчтөрү менен исламчыл студенттердин ортосунда кагылышуу чыккандан кийин мечитти жана медресени курчоого алган эле. Студенттер Исламабадда шарият мыйзамдарын киргизүүнү максат кылышкан. Алар сойкуканаларды иштеткен деп шектелген адамдын уурдалышына жана музыкалык аудио кассета, компакт дисктерди саткан дүкөндөргө кол салууларга тийешеси бар деп кабарланууда.