Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:02

ДҮЙНӨНҮН ЖАҢЫ ЖЕТИ КЕРЕМЕТИ АНЫКТАЛДЫ


Азыркы дүйнөнүн жети керемети кайсылар? Бул тизмедеги орунду жеңип алган тарыхый эстеликтер Португалиянын борбору Лиссабондо ишемби күнкү салтанат учурунда жарыяланды. Анын алдында бүткүл дүйнө боюнча жүргөн добуш берүүгө, уюштуруучулардын ырастоосунда, 100 миллиондой адам катышты. Анткен менен бул иш чараны сынга алгандар да болду.

Дүйнөнүн жети кереметинин тизмеси, албетте, буга чейин эле болгон. Ал мындан 2000 жыл ашуун мурда байыркы гректер тарабынан түзүлгөн экен. Ал алгачкы жети кереметтин азыр жалгызы - Египеттеги пирамидалар гана бар. Калгандары жер титирөөдөн же өрттөн улам мындан жүздөгөн жылдар илгээри кыйраган.

Эми байыркы тизмени жаңылап, азыр бар 7 кереметти аныктоо жараяны "Жаңы 7 керемет фонду" деп аталган коммерциялык эмес уюм тарабынан жүргүзүлдү. Демилге швейцариялык изилдөөчү жана кинорежиссер Бернард Венгерге таандык. Ал добуш берүү жүргүзүлүүчү Интернет баракчаны мындан жети жыл мурда өз акчасына ачкан экен.

7 кереметке кирүү үчүн алгач 77 тарыхый жай атаандашып, 2005-жылдын соңуна карата алардын ичинен атайын комиссия тарабынан 21и тандалып алынган болчу.

Уюштуруучулардын айтымында, бүткүл дүйнө боюнча жүргөн добуш берүүгө 100 миллиондой киши катышты.

Добуш берүү Интернет жана мобилдик телефондон SMS жиберүү ыкмасы менен жүргүзүлдү.

Ошентип, Лиссабондо ысымы дүйнөгө белгилүү жылдыздардын катышуусу менен өткөн салтанатта жарыялангандай, азыркы дүйнөнүн жети керемети катары Улуу Кытай дубалы, Индиядагы Таж-Махал, Италиядагы Колизей (Рим), Иса пайгамбардын Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарындагы эстелиги, байыркы индеецтердин Мексикадагы Чичен-Итца пирамидасы, байыркы инктердин Перудагы Мачу-Пикчу шаарынын урандылары жана Иорданияда ташка чегилген Петра шаары кирди.

Жети керемет үчүн атаандашуу жана добуш берүүнүн жыйынтыгы көп жерлерде жарандар арасында энтузиазм жаратканы менен бул аракет ЮНЕСКО уюму тарабынан сынга алынган эле.

Өткөн айдагы билдирүүсүндө ЮНЕСКО тандалган жайлардын узакка сакталышына бул жеке демилгенин жыйынтыгы олуттуу салым кошо албасын белгилеген.

Ал эми уюштуруучулар жок болуп кетүү коркунучунда турган айрым эстеликтердин дүйнө коомчулугуна таанылышы кайра аларды коргоого жардам берерин айтып, түрдүү ыкмалар менен чогулган каражатты Будданын Ооганстандагы эстелиги өңдүү тарыхый мурастарды калыбына келтирүү үчүн жумшаарын убада кылган эле.

Будданын Ооганстандагы эстеликтери 2001-жылы талибдер тарабынан талкаланган.

Дүйнөнүн жаңы жети кереметин аймактар боюнча бөлүп карасак: үчөөсү Латын Америкада, экөөсү Азияда, бирөөсү Европада, бирөөсү Жакынкы Чыгышта жайгашкан.

Латын Американын үч өлкөсүндө, Индияда, Иорданияда өздөрүнүн тарыхый жайлары жети кереметтин жаңы тизмесине киргендиги тууралуу жаңылык зор кубаныч менен кабыл алынды.

Маалыматтарга караганда, Кытайда бул окуяга карата башкаларга салыштырмалуу көп кызыгуу болгон жок, бирок айрым кытайлык атуулдар да сүйүнүчүн айтып жатышты.

Азыркы дүйнөнүн жети керемети үчүн атаандашкандар арасында Грекиядагы Акрополис, Париждеги Эйфел мунарасы, Нью-Йорктогу Эркиндик эстелиги, Сидней операсы, Москва Кремли жана Стамбулдагы Айя София мечити да бар эле.

Уюштуруучулардын пикиринде, бул атаандаштык дүйнөнүн маданий чөйрөсүн теңдештирүүгө жана Европа менен Жакынкы Чыгыштагы мурдагы жети кереметке кирген ажайып курулуштардан тышкаркы аймактардагы коомдордун жетишкендигин да таанууга мүмкүнчүлүк берди.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG