Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:12

КЫТАЙДА КОММУНИСТТЕРДИН БИЙЛИГИ ДАЛЕ БЕКЕМ


Ушул күздө Кытайда бийликтеги компартиянын саясий бюросу шайланат. 15 жылда бир болуучу бул окуяга байланыштуу, дүйнөлүк экономикалык дөө-шаага айланып келаткан Кытай кайсы багытта баратат деген суроо жаралбай койбойт.

Коммунисттик болгон соң, ал элдик бийлик, бирок Кытайда бийликтеги компартиянын жетекчилигин эл эмес, коммунисттерден тандалып алынган саналуу делегаттар шайлашат. Ушул күздө Кытайдын Коммунисттик партиясынын 17-сьезди өткөнү турат. Эгер бийлик өкүлдөрүн тандоодо кандайдыр бир жаңылык киргизилиип, айкындуулук боло турган болсо, бул тууралуу азырынча жарыялана элек. Дүйнөдөгү эң көп сандуу, бир эле мезгилде эң ири соода державасы жана эң өнүккөн үч мамлекеттин бири болуп келаткан өлкөдө бийлик органдары саналуу адамдар тарабынан тандалганы туурабы?

Компартия "бизди ишибизге жараша баалагыла" деп жооп бериши мүмкүн. Анткени, бардык кемчиликтерге же жетишпегендиктерге карабастан, 1979-жылдан бери өлкөнүн экономикасы күн санап эмес, саат санап өскөндүн үстүндө болуп келатат.

Бирок партия да бир орунда турган жок. Анын өз өкмөтүнө плюралисттик имидж берүүгө далалаттанганы байкалууда. Мисалы акыркы айларда компартияга мүчө болбогон эки адам илим жана саламаттык министрлери болуп калышты. Болгондо да ал экөө тең чет өлкөдө билим алышкан. Жарым кылымдан бери өлкөдө мындай дайындоо болуп көргөн эмес эле. Бирок сырттан келген адамдардын коммунисттик бийликтин жогорку баскычтарында тааныш-билиштери жок болгондуктан, алар партия үстөмдүк кылган системага кандайдыр бир сөзгө алаарлык өзгөртүү алып келе алаары күмөн туудурат.

Азырынча Кытайдагы саясий реформалар партиядагы ички демократиялаштыруу менен чектелип келет. Анын ичинде партиянын ичинде шайлоолорго улам көбүрөөк мүчөлөрдү тартуу жана коррупция менен күрөштүн чегинде жергиликтүү деңгээлдеги интригаларды азайтуу аракеттерин атаса болот. Ошол эле убакта партия экономиканын арыштаган кадамынан артта калбоонун ар кандай далалатын жасап келет. Анын натыйжасында бүгүнкү Кытайда белгилүү чекке жеткенден кийин, ишкерлердин кимиси болсо да, коммунисттик партия менен жең ичинен келишим түзүүгө мажбур.

Айтор Кытайда эркин экономикалык мамилелер улам тереңдеген менен, 1989-жылдагы демократиялык козголоңду күч менен баскан компартиянын жакын арада саясий реформаларды чындап тереңдетээрине көз жетпейт. Ошондуктан, октябрда жаңы политбюрого кимдер кирип, өлкөнү келерки 15 жылда кимдер башкара турганын Кытайдын эли да, калган дүйнө да ошол күнү гана биле алмакчы.

XS
SM
MD
LG