Калкынын 90%ын албандар түзгөн Косово чөлкөмүнүн Сербиядан көз карандысыздык алышы артка кайткыс маселе болуп калганын кайталаган президент Буш Албаниянын борбору Тиранада буларга токтолду.
- Мен эки нерсени ачык айттым. Биринчиден, тынбай аракет көрө беришибиз керек, экинчиден, соңку жыйынтык акыры көз карандысыз болушу зарыл. Ушул туурасында биз көп сүйлөштүк.
Косовонун келечеги тууралуу “чечилип калган маселени жөн эле бүтпөгөн сөздөр менен талкуулай берүүдөн майнап чыкпайт. Чөлкөмдүн эгемендигине каршы чыгып келаткан Орусиянын көз карашын жумшартуу боюнча аракеттер жүрүп жатат”,- деп ишендирди АКШ президенти.
- Убакыт бышып жетти – минтип айтканым, мамлекеттик катчы Кондолиза Райс бул маселени макулдашуу багытында катуу аракеттенмекчи – мунаса табылбаган күндө да, биз алдыга жыла беребиз. Анткени, биздин максат - Косовонун эли көптөн күткөн көз карандысыздык.
Жорж Буш ошондой эле Албанияны - Косовонун келечеги чечилип жатканда тынч туруп, бейпилдикти сактоого үндөдү. Албаниянын премьер-министри Сали Бериша менен жолугушкандан кийин Буш кабарчылардан суроолоруна жооп берип жатып:
- Мен премьер-министрге Албания келечекте НАТОго кошулушун колдоорумду айттым. Анын алдында өкмөт саясий жана аскердик реформалар жүргүзүп, коррупция менен уюшкан кылмыштуулукка каршы чечкиндүү аракет көрүүгө тийиш.
Албетте, журналисттер АКШ лидеринен ракеталардан коргонуу жаатында Орусия президенти Владимир Путиндин соңку сунушуна карата пикирин да сурашты.
- Менимче, Путиндин бул сунушу маанилүү билдирүү болду. Бул сунуш Москва бул багытта чогуу иштешсе болорун түшүнгөнүн айгинелейт. Өнөктөштөр ушундай болот да. Орусия бизге душман эмес. “Кансыз согуш" аяктаган деп дагы бир жолу кайталап кетейин.
Буга чейин Германия менен Италияга барганда, АКШ президентин көчөлөрдө антиамерикалык плакаттар көтөргөн демонстранттар тосуп алса, Албаниянын башкалаасында, “АКШ менен өнөктөш болуу биз үчүн чоң сыймык!”, “Куш келипсиз, президент Буш!” деген сөздөр жазылган килейген көрнөктөр желбиреп тосуп турду. Вашингтондун Косовонун келечеги жана НАТОго мүчө болуу маселелеринде көрсөткөн кызуу колдоосу үчүн Албания АКШнын аракеттерин жактап, Иракка 120дай аскерден турган бөлүгүн жөнөткөн жана жакында Ооганстанга да 140тай жоокерин аттанта турганын жарыялады. Тиранада ушундай жагымдуу маанайдагы жолугушуулар өткөргөн президент Буш жекшембиде кечинде Болгарияга барды, Евробиримдик менен НАТОго жакында кошулган бул өлкөдө өкмөттүн Американын аскердик базаларын жайгаштыруу чечимине каршы нааразылык акциялары камдалып жатканы кабарланууда.