БАТКЕН. Айдеркендеги сымап комбинаты беш айдын ичинде америкалыктарга өндүрүлгөн заттын 80 пайызын, башкача айтканда 130 тонна, Кытайга 30 тонна, ал эми Корея мамлекетине 5 тонна сымап саткан. Бул тууралу “Азаттыкка” Айдеркен сымап комбинатынын башчысы Толубай Салиев 22-майда маалым кылды. Учурда сымаптын бир бөтөлкөсү чет өлкөлөргө 440 АКШ долларынан сатылууда. Ар бир бөтөлкөдөгү заттын салмагы 34 жарым килограммды түзөт. Өткөн айда комбинат 35 тонна смап өндүргөн. (SA)