Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:49

ООРУП ЖАТКАН КОМАНДАНТЕ ФИДЕЛ ТҮЗ ЭФИРГЕ ЧЫКТЫ


Нарын АЙЫП, Прага Көптөн бери ооруп жаткан Куба жетекчиси Фидель Кастро жакында Венесуэланын президенти менен түз ободо сүйлөшүп, улуттук үналгы аркылуу берилген президенттик шоуга катышты.

Венесуэланын президенти Уго Чавес мамлекеттик гана иштер менен алек болбостон, улуттук радио аркылуу күнүгө "Алло, президент!" деп аталган программаны түз ободо жүргүзөт жана угуучулардын суроолоруна жооп берет. Ал - Венесуэлада курулуп жаткан социализмдин жетишкендиктеринин бири.

27-февралда Чавестин шоусу башталганда биринчилерден болуп ага Куба жетекчиси Фидель Кастро телефон чалды жана эки жетекчи түз эфирде 35 мүнөт сүйлөштү. Кастронун айтымында, анын абалы акыркы күндөрдө бир топ жакшырды:

"Мен дүйнө элине кайрылып, сабырдуулукка чакырат элем. Күн өткөн сайын мен жакшырып баратам. Силер шашпагыла. Эң маанилүү нерсе - өлкө алдыга өнүгүп баратат. Мени тынч койгула, мен өз ишимди бүтүрөйүн", - деди Кастро сүйлөшүү учурунда.

Ошол 27-февралда Шанхай жана Нью-Йорк биржаларында кыйынчылыктар чыккан жана Кастро менен Чавес аны капитализмдин терең кризиске батып баратканынын белгиси деп баалашты. Дүйнөдөгү абал, АКШнын империалисттик саясаты жөнүндө сөз болгондон кийин Кастро - дүйнө жүзүндө социализм куруу жараянынын алдына азыр Венесуэла чыгып баратат жана Уго Чавес анын президенти катары тууну жогору көтөрүүгө тийиш деп билдирди.

Жети айдан бери Кастро түз эфирге чыккан эмес, Кубанын жана башка мамлекеттердин маалымат каражаттары ал ооругандан бери буга чейин анын сүрөттөрүн жана жазылып алынган видеолорун гана көрсөтүп келген. Кубанын өзүнүн улуттук сыналгысы ошол эле күнү жаңылыктар менен башка программаларын токтотуп, Кастро менен Чавестин жазылып алынган аңгеме-дүкөнүн кайра обого чыгарды. Сүйлөшүү учурунда Чавес Кастрого кайрылып, аны күнүгө телефон чалып, түз эфирге чыгып турууну сунуш кылды.

1959-жылдан бери Кубаны башкарган Кастро былтыр сексенге толду. 31-июлда болсо ал күтүүсүздөн Куба элине кайрылып, анын ичегисине татаал операция жасала тургандыктан, мамлекеттик бийликти ал өзүнүн кичүү иниси Рауль Кастрого убактылуу өткөрүп бергени тууралуу жарыялаган. 1-августта болсо Фидел - анын ден соолугу тууралуу маалыматтар мамлекеттик сыр боло турганын билдирген, ошондуктан анын ооруканада жатканы жөнүндө маалыматтар дээрлик ачыкка чыккан эмес.

13-августта болсо аны көрүп кетүүгө Гаванага Уго Чавес келген жана ошол күнү Кастро ооруп жыгылгандан кийин анын биринчи сүрөттөрү жарыяланган. 5-сентябрда болсо Кастро - оорунун эң татаал белинен ашканы жөнүндө билдирген, бирок 11-сентябда Гавана шаарында өткөн дүйнөлүк форумга, кийин 28-ноябрда анын 80 жылдыгы белгиленгенде да ал салтанаттарга катыша алган эмес. Гаванадагы форумга келген Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннан 15-августта Кастрону көрүүгө өзү ооруканага келип кеткен.

XS
SM
MD
LG