Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:58

КУБА РЕВОЛЮЦИЯНЫН 50-ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИН БЕЛГИЛЕДИ


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары Ишемби күнү Кубанын баш калаасы Гаванада революциянын 50 жылдык мааракесине арналган салтанаттар адаттагыдай эле аскердик парад жана демонстрация менен коштолуп, жылдагыдай эле шаан-шөкөттүү болду. Бирок бул жолку салтанатка Фидель Кастро оорусуна байланыштуу катыша алган жок. Айрым анатиликтер муну диктатордун доору соңуна чыгып, Кубада жаңы заман башталгандыгын белгиси катары сыпатташты.

Революциянын 50 жылдыгы менен Кастронун туулган күнүнүн 80 жылдыгына арналып өткөрүлгөн парадды Кастро ооруп калгандан бери анын милдетин аткарып жаткан бир тууганы, өлкөнүн коргоо министри Рауль Кастро кабыл алды. Салтанатка Кубанын жакын шериктери Боливиянын президенти Ево Моралес, Гаитинин президенти Рене Превал жана Никарагуанын президенти болуп шайланган Даниель Ортега катышты. Кастронун жакын санаалаштарынын бири, Венесуэлланын президенти Хуго Чавес президенттик шайлоого байланыштуу келе алган жок.

Жайдан бери ооруп жаткан Кастронун көрүнбөй калганына кубалыктардын көбү капа болушту, ал эми байкоочулар муну Кастронун ал-акыбалы оор экендигинин белгиси катары кабылдашып, Кубада Кастронун доору соңуна чыккандыгын айтып чыгышты.

"Кастро эл алдына чыгуунун мындай мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланбай калбайт эле. Андайды элестеттүү кыйын. Фиделден кийинки доорго аяк басканыбызга ишенбей жаткандар, эми муну тана албай калышты,- деп билдирди Вашингтонгу Согуш Улуттук Коллежинин Куба маселелери боюнча эксперти Франк Мора.

Октябрь айында тартылып алынган видеотасма Кастро араң басып жүргөнүн көрсөткөн, бирок ошого карабастан өлкө жетекчилиги элди президенттин жакшы болуп келатканына ишендирип келген.

Жума күнү вице президент Карлос Лаге:"Башкы командачыбыз бизге дагы жылдар бою жол көрсөтөт, биз аны бул жөнүндө өтүнөбүз",- деп билдирди.

Бирок Кастронун эл алдына чыкпай калуусу көптөгөн кубалыктарды бейпайга салды. Алардын бир бөлүгү Фидель жакын санаалаштары менен туулган күнүн белгилеп атканын телевидениеден көрө алабызбы, деп үмүттөнүшсө, башкалары президент көзү тирүү кезинде өлкөнү каалагандай башкарат, Рауль Кастро анын айтыканынан чыга албайт, деп жатышат.

Көптөгөн кубалыктар коммунисттер эмес, бирок алар президентке баш- оту менен бирелген филечилер, деп ишендирди Файннешел Таймс гезитинин кабарчысына өзүн Алеяндро деп атаган катардагы кубалык жаран.

XS
SM
MD
LG