Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:10

НЬЮ-ЙОРКТОГУ УЧАК КЫРСЫГЫНА ТЕРРОРИЗМДИН ТИЕШЕСИ ЖОК


Шаршембиде Нью-Йорктогу 50 кабат үйгө чакан учак сайылып, элдин баарын бир топ ызы-чууга салды. Бирок АКШ бийликтери окуяны шашылыш териштирип, 2 кишинин өмүрүн алган кырсыктын терактта тиешеси жок деп билдиришти. Ошентсе да, АКШда коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Дүйнөлүк маалымат каражаттары Нью-Йорктогу бийик имаратка учак сайылды деген маалыматты үзбөй берип жаткан чакта окуянын изин суутпай шаардын мэри Майкл Блумберг кабарчыларга буларды билдирди.

-Азыркы чакта имаратка учак сайылды дегенди укса, ким болбосун жамандыкты ойлоору талашсыз. Улуттук коопсуздук департаменти, Нью-Йорктун полиция башкармасы текшерип чыгып, бул жерде терроризмдин эч кандай тиешеси жок экенин аныкташты. Эмне үчүн учак 72-көчөгө бурулуп, имаратты сүзгөнүн тергөөчүлөр иликтеп жатышат.

Көпчүлүктү дүрбөткөн кырсыкка себепчи болгон учакты Нью-Йорктун бейсбол боюнча командасынын мүчөсү Кори Лидл айдап бараткан экен, ал окуя болгон жерде каза тапты. 34 жаштагы спортчу каргашалуу учакты жакында сатып алып, аны башкарганды үйрөнүп жүргөн экен. Аны менен кошо жанында бараткан инструктору мерт болду. Нью-Йорктогу оорукананын өкүлдөрү жараат алган 9 киши дарыланып жатканын маалымдашты.

Кырсык болгон 50 кабат үйгө катарлаш имаратта жашаган Денис Райанд өткөн түнкү окуядан катуу чочулап калгандыктан, бир нече түн башка райондо жашаган апасынын үйүнө өткөрө турганын айтат.

- Мен үйдө телевизор көрүп отурганда катуу жардыруу көчөнү жаңырткандай эле болду. Терезеден эшикти карасам, баары эле кара түтүнгө толуп кеткен экен. Дароо эшикти көздөй жүгүрдүм, кийинчерээк имараттагы элдин баары көчөгө чыгарылды. Адистер кырсыктан жаракаланган үйдүн бекемдигин текшерип, аздан соң кулап түшпөйбү деп дыкат изилдешти. Жардыруу абдан күчтүү болду.

Бийликтегилер окуянын терроризмге тишеси жок дегени менен, ага удаа АКШдагы бир катар ири шаарларды асмандан аскердик тикучамалар күзөтүп турду. Авиация федерациясы Нью-Йорктогу аба каттамдарын кыскартып, кырсык болгон жерге 39 өрт өчүргүч машине, коопсуздук жана башка кызматтарынын өкүлдөрү шашылыш чогулушту. Манхеттенди дүрбөтүп, менчик учак эмне себептен кырсыкка учураганы азырынча териштирилүүдө.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG