Кофи Аннан Израилди Ливанга абадан жана деңизден барчу жолду тосууну токтотууга үндөп келатканына көп болду. Шаршембиде Иерусалимде өткөн маалымат жыйынында Израилдин премьери Эхуд Ольмерт блокада Ливандагы козголоңчуларга курал-жарак алып өтүү жолун Улуттар уюмунун бейпилдиктик күчтөрү көзөмөлгө алмайынча токтотулбайт деп жооп берди. Ал ошондой эле 34 күндүк согушка себеп болгон уурдалган эки жөөт аскеринин тагдыры али беймаалым экенине басым жасай кетти.
- Улуттар уюмунун резолюциясынын эң башкы бөлүгү – уурдалып кеткен эки жөөт аскерин токтоосуз бошотуу шарты эле. Бул шарт аткарылмайынча, резолюция толук жүзөгө ашырылды деп айтууга болбойт.
Аннан бул сапары маалында 13 миңдей аскерден турган бейпилдик күчтөрүн Ливанда жайгаштыруунун шарттарын да талкуулап тактоо аракетинде. Чөлкөмдөгү ал жолуккан өлкө жетекчилери бирок, өз ара кызматташуудан мурда өз талаптарын алдыга коюп жатышат. Андан улам, Иерусалимдеги маалымат жыйынында Улуттар уюмунун баш катчысы буларды белгиледи.
- Коопсуздук кеңешинин резолюциясы – бул биротоло чечилген документ. Бул ар ким каалаганын тандап алчудай нерсе эмес. Баарыбыз анда жазылгандарды так аткарууга милдеттүүбүз.
Азырынча Израил Ливандагы аскерлерин качан толугу менен чыгарып кетээри да ачык айтыла элек. Шейшембиде Израилдин коргоо министри Амир Перец жөөт армиясы тийиштүү сандагы эл аралык күчтөр аларды алмаштырмайынча кетпейт деп билдирди. Ал бирок, тийиштүү деген канча аскер экенин так айткан жок. Иерусалимдеги жолугушууда Аннан Ливанга жакын арада дагы 5 миңдей көп улуттуу күчтөр жеткирилээрин айтып, Израил армиясы ошондон тарта Ливанды бошотушу керек деп белгиледи.
Улуттар уюму башында пландаштыргандай, Ливандагы эл аралык күчтөрдүн санын 15 миңге жеткирүү иши дагы далайга созулчудай. Кофи Аннан Евробиримдик жөнөтө турган 7 миңдей аскерге мусулман өлкөлөрү да өз жоокерлерин кошот деген үмүтүн билдирген, азырынча кайсыл мамлекет канча киши сунуштаганы дайын боло элек.
Кофи Аннан шаршембиде Израил жана Палестина жетекчилери менен сүйлөшкөн соң, Иордания, Сирияны кыдырып, ишембиде Иранга барат. Ал күнү – Улуттар уюму Иранга уранды байытуу иштерин токтотууга чектеген мөөнөттөн эки күн өтөт. Ал тапта Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад Тегеран энергетикалык муктаждыкты канааттандыруу максатында өзөктүк технология жаатындагы изилдөөлөрүн улантууга укуктуу деп кайталоодо.