Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:39

ПЛУТОН “ЭРГЕЖЭЭЛ ПЛАНЕТА” ДЕҢГЭЭЛИНЕ ТҮШТҮ


Кечээ (24-августта) дүйнө жүзүнүн булуң-бурчунан келип Прага шаарына чогулган астрономдор Плутонду Күн системасындагы планеталардын тизмесинен алып салуу тууралуу чечим кылышты. Эми илим Күндү сегиз гана планета айланып турат деп расмий таанымакчы. Алар – Меркурий, Чолпон, Жер, Марс, Юпитер, Сатурн, Уран жана Нептун. Андан тышкары Эл Аралык Астрономдор Биримдигинин курултайынын катышуучулары илимге “эргежээл планета” түшүнүгүн киргизишти. Плутон – дал ушундай “эргежээлдердин” катарына кошулуп калды.

Эл Аралык Астрономдор Биримдигинин Прагада ишин аяктаган курултайынын эки жарым миңдей катышуучусу он күндөй кызуу талаш-тартыштан соң Күн системасы сегиз гана планетадан турат деген жыйынтыкка келишти. Ал эми тогузунчу планета саналып келген Плутон мындан ары “эргежээл планеталардын” катарына киргизилет.

Планета, - жаңы илимий аныктамага ылайык, - Күндүн орбитасында айланып туруучу ири объект жана ал дээрлик тоголок шекилди алуу үчүн жетишээрлик массага ээ болууга тийиш. Планетанын тартылуу күчү анын орбиталык чыйырына туш келген таштарды жана башка майда космостук нерселерди өзүнө тартып алчу кубатка ээ болууга тийиш.

Көлөмү кыйла чакан келген жана сырткы шекили да тоголок эмес болгон Плутон дал ушул критерийге ылайыксыз болуп чыкты.

Астрономдордун курултайындагы добуш берүүдөн соң, жаңы аныктаманы сунуш кылгандардын биринен болгон доктор Ричард Бинзел (Dr. Richard Binzel) “Азаттыкка” мындай деп айтты:

- Биз, илимий уюм катары, алгачкы ирет “планета” сөзүнө аныктама бердик. Бул термин биздин Күн системабыздагы мурдатан маалым болгон сегиз объектке карата колдонулмакчы. Алар – кеңири таанымал классикалык планеталар - Меркурий, Чолпон, Жер, Марс, Юпитер, Сатурн, Уран жана Нептун. Ал эми Плутон болсо эми башка түргө кошулуп калды. Бул түр “эргежээл планеталар” деп аталат.

Мындай “ара төрөлгөн” сыяктуу планеталардын катарында, Плутондон тышкары, Плутондун жанында жакында эле табылган Ксена, ошондой эле, Марс менен Юпитердин ортосундагы ири астероид катары аныкталып келген Церера да бар.

Илимпоздор мындан ары да далай “эргежээл планеталар” табылышы мүмкүн деп жоромол кылышууда.

Дегиңкиси, астрономдордун кечээки чечиминен соң, миллиарддаган окуу китептеринин нускаларын кайра толуктап, жаңыртып чыгарууга туура келет.

Мектептердеги Күн системасын сыпаттаган далай көрсөтмө куралдар, калыптар жана оюнчуктар эми керектен чыкмакчы. Окутуучулар да, окуучулар да планетанын жаңы аныктамасын жаттоого тийиш.

Айтор, физиктер, окуучулар жана жалпы эле жылдыздар дүйнөзүн иликтөөгө кызыккандар үчүн алдыда иш көп.
XS
SM
MD
LG