Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:45

ИРАН НОБЕЛЬ СЫЙЛЫГЫНЫН ЛАУРЕАТЫ БАШТАГАН ТОПТТУН ИШИНЕ ТЫЮУ САЛДЫ


Иран бийликтери Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын лауреаты Ширин Эбади жетектеген адам укугун коргоочулар борборунун ишмердүүлүгүнө тыюу салды. Ички иштер министрлиги 2-августтагы билдирүүсүндө борборго ырасимий уруксат берилбегендиктен, анын ишмердүүлүгү “мыйзамсыз” деп эскертилет. Эбади башындагы борбор түзүлгөндөн 4 жыл бери журналисттердин, саясый жана абийир туткундарынын укуктарын коргоп келген.

Адам укугун коргоочулар борборунун башчысы Ширин Эбади Ички иштер министрлигинин билдирүүсүн мыйзамсыз деп эсептейт:

–Иран конституциясынын 26-беренесине ылайык, мыйзамды жана коомдук тартипти бузушпаган бейөкмөт уюмдар, бирикмелер жана партиялар өз ишмердүүлүгүн эркин жүргүзүүгө укуктуу. Буга байланыштуу Адам укугун коргоочулар борбору Иранда адам укуктарын ташбыйкаттап, саясый жана абийир туткундарын акысыз коргогондуктан, ага уруксат алуунун зарылдыгы жок.

Ширин Эбади –кесиби боюнча адвокат. Төрт жыл мурда Эбади айым башындагы топ борборду каттоо үчүн Ички иштер министрлигине кайрылганда, чиновниктер анын жобосунан мыйзамсыз эч нерсе таппаган. Бирок, ырасмий түрдө уруксат да берген эмес:

–Биз уставыбыздагы алар көрсөткөн айрым мүчүлүштүктөрдү оңдоп келгенден кийин, борборду түзүүгө макулдук беришкен. 15 күндүн ичинде биздин иштөөбүзгө уруксат берилет деп чечишкен. Бирок алар төрт жылдан бери андай уруксат берише элек. Тилекке каршы, не мурдакы президент Мохаммед Хатаминин, не азыркы президент Махмуд Ахмединежаддын өкмөтү бизге уруксат берген жок.

Борбор түзүлгөн тарта Ирандагы адам укугун абалы жөнүндө коомчулукка үзбөй маалымдап, укук коргоочуларды, диссиденттерди акысыз коргоп жүрөт. Беш жыл ашуун абакта отуруп чыккан таанымал журналист Акбар Гянжини, Тегерандын атактуу Эвин түрмөсүндө өлгөн теги ирандык канадылык фотожурналист Захра Каземинин үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгын сотто Эбади башындагы топ коргогон. Алардын соңку акцияларынын бири реформачыл студенттердин мурдакы лидери, саясый туткун Акбар Мохаммаддын өлүмү боюнча көзкарандысыз иликтөө өткөрүү талабы болду. Мохаммад 30-июлда ачкачылык жараянын токтоткондон кийин көз жумган.

2003-жылы Француз өкмөтү Ширин Эбади башындагы борбордун эмгегин жогору баалап, Франциянын адам укугу сыйлыгын ыйгарган.

Иран бийликтери да кол куушуруп отуруп калган жок. Адам укугун коргоочулар борборун түптөөчүлөрдүн бири Абдулфата Султани жакында “ өкмөткө каршы элди үгүттөдү” деп айыпталып, беш жылга эркинен ажыратылды.

XS
SM
MD
LG