Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:18

КЫТАЙ: КОМПАРТИЯ КЕЛЕЧЕГИ ЖАШТАРДЫН КОЛУНДА


Кытайда соңку жылдары коммунисттик партияга өтүүнү каалаган жаштардын саны кыйла көбөйдү. Бэйжинде чыгуучу “Элдик гезит” кабарлагандай, былтыр Кытай коммунисттик партиясына 2 жарым миллиондой киши кошулса, алардын дээрлик 80%ын 35 жашка чейинки жаштар түзгөн. Кытайдагы бийликти өз колуна топтогон коммунисттик партиянын бардыгы 70 миллиондон ашуун мүчөсү бар. Жаштар эмне себептен коммунист болууга умтулат?

Соңку бир нече жыл ичинде Кытай коммунисттик партиясы өз катарындагы студенттердин санын көбөйтүп, ушу тапта жогорку окуу жайларында билим алып жаткан 700 миңдей жаштар компартияга мүчө болуп калды. Салыштырып көрсөк, 1990-жылы Кытайлык коммунисттердин болгону 1%ынан ашыгыраагы студенттер болсо, азыр алардын саны 8%дан ашты. Бэйжиндик “Элдик гезит” билдиргендей, жаштардын компартияга кошулуу аракети ушунчалык күчтүү, айрым университеттерде студенттердин 90%ы коммунисттер жана партияга өтүүнү каалап арыз берген талапкерлер экен.

Лондондогу Падышалык институттун эксперти Александер Нейл Кытай коммунисттик партиясы кийинки өнүгүү багытын билимдүү жаштар менен байланыштырып жатканын айтат.

- Бэйжиндик жетекчилер мурдагы президент Цзян Цземиндин экономикалык либералдаштыруу саясатынан улам ушу тапта Коммунисттик партия бизнес, өнөр жай, илим, технология жаатындагы болочок жаш лидерлер муунуна басым жасоо керектигин түшүндү.

Бул эми Кытайлык коммунисттердин саясаты, ал эми шаардагы алдыңкы университеттерде билим алган, ошондой эле алыскы айыл-кыштактарда жашаган жаштардын компартияга умтулуусунун себеби эмнеде? Айрым жаштар партияга мүчө болуу аркылуу Кытайдын болочок өнүгүүсүнө салым кошууну самашат. Өлкөнүн экономикалык өсүшү жыл сайын 8%дан 10%га чейинки секирик жасап, бул көрсөткүч өз кезегинде олуттуу көйгөйлөрдү жаратууда. Алсак, өнөр жайды өнүктүрүү айлана-чөйрө, суу ресурстарына зыян келтирип, шаарларда бизнес жана башкадан байыган “жаңы кытайлардын” саны өсүп баратса, айылдарда кедейликтин сазына баткандардын саны азайган жок.

5-март күнү Бэйжинде ачылган Улутук курултайда премьер-министр Вен Жибао да элеттеги элдин жашоосуна басым жасады.

- Биз айыл-кыштактарды колдоо саясатын колго алып, ал жерлердеги жашоону жакшыртуу ишине башкы көңүл буруубуз зарыл. Ушул багытта чоң бурулуш жасашыбыз керек.

Кытайлык жаштардын баары коммунисттик партиянын бул жана башка ураандарын колдогон үчүн ага кошулууну каалап жатат деп айтуу ашепкелик кылаар. Гонконгдогу университетте окуган Жунсен Жанг айткандай, көпчүлүк жаштар партияга мүчөлүк - келечекте кызмат мансабын жакшыртып, бейкапар жашоого жол ачат деп ишенет.

-
Биздин изилдөөлөр көргөзгөндөй, кытайлык жаштардын көбү коммунисттик билет далай мүмкүнчүлүктөргө жол ачат деген пикирде. Гонконгдогу университет жүргүзгөн изилдөө мисалы, коммунист болгондон кийин айрыкча айыл тургундарынын кирешеси 28%га чейин көтөрүлгөнүн ырастады.


Кытайлык коммунисттерге бизнес жүргүзүүдө ар кандай уруксат кагаздарын, лицензия алууда, атүгүл банктардан карыз акча алууда да жеңилдиктер берилет. Коммунисттик партияга мүчө ишкерлер ар кандай текшерип-тескөөдөн чочулабай өз ишканаларында жумушчуларга түзүлгөн шарттарга, эмгек коопсуздугуна көз жуумп койгону адатка айланган.

Кытайдагы бийликтин баарын өз колуна топтогон компартия катарында коррупция гүлдөп-өсүп, ырасмий Бэйжин билдиргендей, былтыр 115 миң коммунистке коомдук эскертүү жасалып, алардын 15 миңинин иши сотко өткөрүлдү.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG