Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:21

Майрам Акаеванын катына мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов жооп кайтарды.


Экс-президенттин жубайы Майрам Акаеванын Президент Бакиевге жиберген катына жооп катары жазган ачык катын Дастан Сарыгулов бүгүн коомчулукка жарыя кылды. Мамкатчы ачык катында экс-президент Аскар Акаев менен анын жубайы Майрам Акаеванын үй-бүлөлүк жеке басар бийлигинин тушунда Кыргызстан жакырчылык менен жумушсуздуктун сазына батып, коррупция, баңгилик, сойкулук коркунучтуу чекке жетип, мамлекет кайырчыга айланып, өлкөнү жүз миңдеген жарандар таштап чыгып кеткендигин белгилеген. Өнөр жай, айыл чарбасы жана турмуш тиричиликти тейлөө тармагы дээрлик бүт кыйрап, бийлик калканыч болгон чиновниктер тарабынан уурдалып тонолгон деп эскерткен.
«Сиз күйөөнүз экөөнөр кыргыз элинин мойнуна эки миллиард доллар сырткы карызды, жети миллиард сом ички карызды илип кеттиңер» деп белгилеген Д. Сарыгулов. Мамкатчынын пикиринде Акаев башкарган убакта Кыргызстандын аймагы 97 миң гектарга азайды жана Аксы окуясында окко учуп набыт кеткен адамдардын убалы да экс-президенттин мойнунда. Дастан Сарыгулов Майрам Акаева менен Аскар Акаевге өздөрүн актаганды токтотуп, кылган кылыктары үчүн Кудайдан коркуп, кыргыз элинин алдында кечирим сурай турган гана жалгыз жол калганын эскерткен.
Майрам Акаеванын Президент Курманбек Бакиевге жазган каты өткөн жумада Кыргызстандагы гезиттерге жарыяланган эле. Акаева катында Бакиевдин чөйрөсү экс-президент Акаевди тынымсыз каралоо кампаниясын жүргүзүп, анын балдары, туугандары менен жакындарына террор жасап, куугунтуктап жаткандыгын айыптоо менен Бакиевди завод деректиринен премьер-министрге чейин көтөргөн Акаев экенин анын эсине салган. Аскар Акаевди экс-президентке каралган кепилдиктерден, укуктардан мыйзамсыз ажыратты деп президентти сынга алган болчу.

XS
SM
MD
LG