Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:50

ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕКТЕН КҮДӨР ҮЗБӨЙЛҮ


Чолпон Орозобекова, Бишкек Кыргызстандын Акыйкатчысы былтыр март айында Бишкектеги аялдар түрмөсүндө сулуулар конкурсун өткөргөн. Анда жеңүүчү болгон кыздарга Акыйкатчы алар эркиндикке чыккандан кийин жумуш таап берүүнү убада кылган болчу. Үстүбүздөгү жылы жазында аялдар түрмөсүнөн бошонгон эки кыз – Жазгүл менен Жанара – ушул тапта Акыйкатчынын баш кеңсесинде иштеп жатат. Түрмөдө кезинде да жаркын келечек үчүн күдөрүн үзбөгөн Жазгүлдүн тагдыры тууралуу мурда да кабардаган элек.

Түрмөдө отурса да аял аял бойдон калат. Степное кыштагындагы аялдар түрмөсүндөгү сулуулар конкурсун көрүп отургандар ушул сөздү айтышкан. Көрүүчүлөр чындап эле мындайды күтпөсө керек. Чачтары татына жасалган, ал эми өз колдору менен тиккен үстүндөгү көйнөктөрү куп жарашкан кыздар сахнаны көрктөнтүшкөн. Бул конкурстун демилгечиси Турсунбай Бакир уулу «Мен баятан улам-улам чачымды тарап, галстугумду оңдоп, силерден сүрдөп отурдум» деген:

-Мен бүгүн чындап эле Акыйкатчы эмес, эркек катары толкундандым. Конкурс башталганча эле көшөгө артында даярданып аткан сулууларды көрүп бир чети сүрдөп, өзүмчө толкундандым,
-деген Турсунбай Бакир уулу конкурсту ачып жатып.

Баса, бул абакта бүгүнкү күндө 900гө чукул аял кармалууда. Ал эми конкурска 12 кыз катышты.
Абактагы ар бир отряд өздөрү тандап экиден кызды жолдошкон. Кыз-келиндер конкурска кийген көйнөктөр түрмө шартында өз колдору менен тигилди. Мисалы, бириники Кытайдын жалтырак полиэтилен кооз плакаттарынан болсо, бириники Кытайдын шекер салган мүшөгүнөн тигилген, дагы бириники терезеге такчу түлдөн жасалган.

Бул конкурста "Ажарлуу мисс" (Мисс очарования) деп аталып 1-орунду алган Жазгүл ошол түрмө шартында өзү тиккен улуттук көйнөк менен шөкүлөнү кийип чыккан.

Жазгүл ошентип бул конкурста эң жогорку байгени алды, бирок мындай болорун өзү такыр күтпөптүр:

-Мен такыр элестеткен эмесмин. Аябай сүрдөп эптеп эле конкурс бүтсө экен деп отурдум. Негизи залда киши абдан көп экен, баарыбыз калчылдап сүрдөп аттык. Анан эле мага 1-орунду берип, сүрөткө тартып, телевидениге тартып эле калышты
.

Жазгүл азыр Акыйкатчы институтунун баш кеңсесинде элдин арыздарын жана каттарын кабыл алуу бөлүмүндө катчы болуп иштеп жатат. Түрмөдөн чыгары менен Акыйкатчынын убадасын эстеп анын кеңсесине дароо келет:

-Турсунбай Бакирович мен 1-орунду алганда эле дароо сени жумушка алам деген. Абдан абройлуу киши болсо, кантип калп айтсын деп бул сөзүнө ишендим. Анан бул күндү чыдамсыздык менен күтө баштадым. Мөөнөтүм жарым жылдан кийин бүттү. Анан мен дароо эле бул жакка келдим. Келген күнү эле жумушка алышты. Мен аябай ыраазымын. Мага ал көп жардам берип атат. Мен колумдан келишинче аны уят кылбайын деп аракет кылып атам
.

Ал кесиптик билим алганга үлгүргөн эмес. Мектепти жаңы бүтөрү менен 17 жаш курагында 2 жылга кесилип отурат. Кыздар менен мушташып, денеге оор залака келтирген деген берене менен соттолгон. Бирок ал ошол кылганына абдан өкүнөт. «Жаштыгым менен жеңил ойлуулук кылыптырмын» дейт. Жазгүл СИЗОдон түрмөгө которулган күнүн эстеп отурду. Аялдар колониясынын босогосун аттаганда гана башына эмне күн түшкөнүн аңдап, буркурап ыйлаган экен:

-Баарынан да биринчи түшкөн күнүм эсимде калды. Мен ойлобоптурмун, иш ошого чейин жетет деп. Түрмөнүн ичине кадам таштарым менен нес болдум. Ошондо сезип, ошондо өзүмө аябай таң калдым. Эки күн бою тамак да ичпей, баш көтөрбөй ыйлап жата бериптирмин
.

Ошентип, кадимки абак турмушу башталды. Жазгүл түрмөнүн дубал гезитине редактор болуп, жанындагыларга ырдап берип, сүрөт тартып, курбу- курдаш күтүп дегендей, абактагы турмушка да моюн сунду. Түрмөдөгү аял да өзүн карап, сулуулугун өчүрбөй жүргөнгө шарт бар дейт Жазгүл. Аялдар абагында чач тарач бар. Ал жакка барып чачын кырктырып, боётуп алса болот. Эң башкысы өзүңдү таштабай, сынбаш керек:

-Түрмө деген тузу оор жер. Ал жер ар бир адамды тооруп турат, кырсык деген каш-кабактын ортосунда. Ал жерде отуруп алып өзүн таштаган адам ошондон ары жоголот. Эгер өзүңдү кармап, сырткы жашоодогу жакшы максаттарды ойлосоң андан ары жашап кетсең болот.


Жазгүл Акыйкатчы кеңсесине келгенине жарым жылдан ашты. Ал эми сулуулар конкурста 2-орунду алган Шахзоданы Акыйкатчы убадасы боюнча кийим тигүү цехине орноштурган. Андан көп өтпөй ушул түрмөдөн бошонуп чыккан Жанара деген кызды да Акыйкатчы өз кеңсесине жумушка алды. Жанара эркиндикке чыккандан кийин Акыйкатчыдан келип жумуш таап берүүнү суранган. Акыйкатчы институтунун аппарат башчысы Кубанычбек Эргешовдун оюн угалы:

-Абактан чыккан эки кыз бизде иштеп жатат. Бири калктан түшкөн арыздарды жана каттарды кабыл алат. Экинчиси болсо каттарды башка мекемелерге ташыйт. Экөөнүн тең жоопкерчилиги абдан чоң жумуш. Кыздар абдан аракетчил. Азыр бир кыйла көнүп, көп нерсе үйрөнүп калышты
.

Бул кеңсенин айрым кызматкерлеринин айтымында, абактан чыккан кыздар алгачкы күндөрү ишке көнө албай жүрүштү. Архив бөлүмүн жетектеген Сабира Дүйшөнованын айтымында, алгачкы күндөрү кыздар кулк-мүнөздөрү башкача болуп, өздөрүнчө кысынып, чүнчүп да жүрүштү:

-Булар бизге келгенде бапшка дүйнөдөн келгенсип чочуркап жүрүштү. Эмне деп сүйлөп жиберет дегенсип жалтаңдашып, баштарын ылдый салып эле чүнчүп жүрүштү. Бирок азыр жакшы. Ал оор абалдан өтүп, биз менен кадимкидей эле аралашып кетишти
.

Ал эми басма сөз кызматында иштеген Мирлан Тиленчиев бул кыздардын ишке көнүшүп, жамаатка сиңишип кетиши үчүн биз да абдан аракет кылдык дейт:

-Чынында, башында экөө тең батына албай бизден четтеп жүрүштү. Аялдар колониясына барганда биз Жазгүлдү да, Жанараны да көрүп жүргөнбүз да. Анан коллективге келип кошулуп калганда психологиялык жактан оор сыноодон өткөндөй болушту. Биз ошону түшүнүп сырдашып сөзгө тартып, кырдаалды жумшартканга аракет кылдык. Ал эми абактагы күндөрү, эмне болуп отурганы тууралуу сөздөн качып жүрдүк
.

Анын айтымында, канчалаган кыздар абактан чыккандан кийин чүнчүп, жумуш таппай, айылына баргандан уялып, кай бири акыр бир күнү кайра эле кылмыш жолуна түшүп атат. Ал эми бул кыздардын абройлуу кеңседен жумуш тапканы баарынан да моралдык жактан жакшы болду дейт Тиленчиев мырза.

Жанара абактан чыккандан кийин турмушка чыгып, ушул күндөрү перзент күтүп аткан кези. Ал эми Жазгүл өзү кыялданып жүргөнүндөй искусство жолун тандап, учурда Көркөм өнөр академиясында сырттан окуп жатат.

Тектеш

XS
SM
MD
LG