Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:04

БАРЫМТАГА АЛУУ – ИРАКТАГЫ КОЗГОЛОҢЧУЛАРДЫН КҮРӨШ ЫКМАЛАРЫНЫН БИРИ


Ирактагы айрым куралчан топтор барымтага алган америкалык жоокер – Васиф Али Хасундун жакындары барымтачыларга кайрылып, анын өмүрүн сактагыла деп жалбарышууда. Ал эми Ирактын убактылуу өкмөтүнүн башчысы Айад Алави АКШ аскерлеринин козголоңчуларга каршы жүргүзүп жаткан өнөктүгүнө колдоо көрсөттү.

Кошмо Штаттардын деңизчи аскерлеринин катарында кызмат өтөгөн Васиф Али Хасун (Wassef Ali Hassoun) июн айынын 20сында дайынсыз жок болгон. Андан жети күн өтпөй, ирактык жоочулар тобу видеотасманы жарыялаган, анда Васиф барымтага алынгандыгы, эгерде АКШ аскерлери ирактык туткундарды боштондукка чыгарбаса, анда ал өлтүрүлө тургандыгы эскертилген. Айрым маалыматтарга караганда, мындан эки күн мурдараак Васиф Али Хасун барымтачылар тарабынан өлтүрүлгөн. Бирок өздөрүн «Ансар ал-сунна» деп атаган топ бул америкалык жоокер дагы эле аман-эсен экендигин билдирди.

Эгерде бул жигит дагы эле аман болсо, анда анын жанын кыйбагыла, - деп Хасундун жакындары белгисиз барымтачыларга кайрылууда. Хасундун досторунун бири Тарык Носир мындай деди:

- Ырайымдуу, мээримдүү Алла-тааланы алкап айтам, ушул тапта биз сүйүктүү бир тууганыбыз, уулубуз, досубуз болгон Васифтин тагдыры тууралуу так кабардар эмеспиз. Анын аман-эсен куткарылгандыгы жөнүндөгү кабарлар чын чыгып калса экен деп кудайдан тилеп отурабыз. Эгерде ал алигиче барымтада кала берип жатса, анда аны кармагандарга пайгамбарыбыздын сөзүн кайталап айтаар элек: “Жер бетиндегилерге ырайымдуу болгула, ошондо силерге ырайым асмандан келет”.

Ал эми АКШ аскерлери Ирактагы козголоңчулардын мыкты уюшулган каршылык көрсөтүү кыймылы менен күн сайын алышууда. Козголоңчулар капысынан бомба чабуулун жасоодон тышкары, барымтага алуу, жанкечтилик кол салуу сыяктуу ыкмаларды да колдонууда. Өткөн аптада эле америкалык он чакты деңизчи жоокер набыт болду.

Ирактын убактылуу өкмөтүн жетектеген Айад Алави мырза АКШ аскерлеринин козголоңчуларга каршы күрөшүн колдоого алды. Сирия менен Ирандын жетекчилигинин баскынчы күчтөр «Ирактан чыгып кетиши керек» деген талабына жооп кылып, Алави «ал-Арабиййа» сыналгы каналы аркылуу мындай деп айтты:

- Ооба, мен бул кабарды сыналгыдан көрдүм. Бирок Иракта баскынчы күчтөр жок. Мындагы күчтөр – Ирактын өтүнүчү менен, Ирак өкмөтүнүнү өтүнүчү менен турган эл аралык аскерлер. Алардын мында кала бериши – коопсуздукту камсыз кылуу үчүн маанилүү. Алардын кетип калышы Ирак үчүн өтө опурталдуу болоор эле.

Ирак өкмөтүнүн айтымында, дүйшөмбүдө АКШ аскерлери Фаллужа шаарындагы шектүү делген бир имаратты абадан соккуга алаардан мурда, ирактын чалгындоо кызматы америкалыктарга бул шектүү жай тууралуу өз маалыматын берген экен. Анда жоочу Абу Мусаб аз-Заркавинин тарапкерлери жайгашкан деп жоромолдонгон. Бул чабуулдан улам бери дегенде он киши набыт болгону кабардалды.

Бүгүн (шейшембиде) АКШ адмиралы Грегори Жонсон (Gregory Johnson) жетектеген НАТОнун делегациясы Багдадга келип, Ирактын коргоо министри Хазим аш-Шаалан менен жолугушту. Тараптар болочокку аскердик кызматташуу багыттары жөнүндө талкуу кылышты. Алигиче НАТОго мүчө өлкөлөр Ирак аскерлерин «бул өлкөнүн ичинде машыктыруу керекпи, же сырткаркы жайлардабы?» деген суроо боюнча жалпы тил табыша элек.

XS
SM
MD
LG