Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:57

ИРАКТЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТ БАШЧЫСЫ КООПСУЗДУК КҮЧТӨРҮН КАЙРА КУРМАКЧЫ


Бүгүн (жекшембиде) Ирактын убактылуу өкмөтүнүн премьер-министри Ийад Алави (Iyad Allawi) өлкөдөгү коопсуздук күчтөрүнүн баары тең өкмөт башчынын кеңсесине баяндама берип турууга милдеттүү деп жарыялады. Анын коопсуздук күчтөрүн кайра курууга багытталган жаңы кадамы 30-июндагы бийлик ыйгарымынын АКШ жетектеген коалициялык күчтөрдөн убактылуу өкмөткө толук өткөрүлөөр мөөнөтү жакындаган сайын улам күчөгөн зомбулук аракеттерди ооздуктоо далаалаты катары бааланууда.

Бүгүн Ирактын убактылуу өкмөт башчысы Ийад Алави өлкөдөгү козголоңчу топторду тыптыйпыл кылуу үчүн атайын тандалма аскер тобу түзүлөөрүн да жарыялады. Ал жаңы стратегияны бүгүн Багдад шаарында журналисттерге мындайча түшүндүрдү:

- Биздин стратегиябыз жөнөкөй эле. Иракка тынчтык, демократиялык түзүлүш жана бакыбат турмуш алып келүү үчүн биз бардык кайрат, күч-кубатыбызды колдонушубуз жана бул мүдөөгө берилгендигибизди көрсөтүшүбүз керек. Ирактын бардык коопсуздук күчтөрү карасанатайларга каршы күрөш жүргүзүү үчүн бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарууга тийиш.

Анын айтымында, өлкөдөгү коопсуздук күчтөрүнүн баарын башкаруу жана көзөмөлдөө үчүн тез арада тийешелүү аскердик штаб түзүлүшү зарыл. Убактылуу премьер-министр эл аралык коомчулукка да кайрылып, аны дал ушул максатка жетүү үчүн расмий Багдадга ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө чакырды. Алавинин айтымында, бул мүдөө толук жүзөгө ашырылмайынча, Багдад АКШнын аскер күчтөрүнө таянууга аргасыз.

Ийад Алавинин маалымдашынча, Ирактын буга чейинки атуулдук коргонуу кошуундары мындан ары Ирактын улуттук гвардиясы болуп кайра түзүлөт. Улуттук гвардия өлкөнүн ички коопсуздугун камсыз кылуу менен алектенет. Алты ири аймакта улуттук гвардиянын жергиликтүү штаб-квартиралары түзүлөт жана анын жалпысынан 50дөй батальону болот.

Алавинин сөзүнө караганда, коопсуздук күчтөрү эң жаңы технологиялык каражаттар менен жабдылмакчы жана өлкөгө сырткарыдан кирүүгө аракеттенген террорчу топторго каршы да иштиктүү тоскоол түзмөкчү. Андан тышкары, аскер аба күчтөрү мунайзатты ташуунун коопсуздугун чыңдоого да салым кошуп, куурларга жана башка олуттуу өнөр жай тармактарына абадан көзөмөл уюштурмакчы.

Алави мырза Ирактын жаңылануусуна каршы турган күчтөр экономикалык тармакты өзгөчө бутага алып жатканын эскертти:

- Ирактын кас душмандары мунайзат, электр жабдуу, суу жана башка олуттуу тейлөө тармактарына чабуул коюуну улантууда. Бул чабуулдары менен алар турмуш бакыбаттыгын жана экономикалык кубатыбызды начардаткысы келет. Биз бул улуттук байлыктарыбыздын баарынын коопсуздугун чыңдайбыз, ал үчүн бул тармактарды коргогон күчтөрдү чыңдайбыз жана жергиликтүү полициянын ишин багыттоону жакшыртмакчыбыз.

Ирактын убактылуу өкмөт башчысынын айтымында, коопсуздукту чыңдоого багытталган бул долбоорду ал АКШнын коргоо катчысынын орун басары Пол Волфовиц жана британдык коргоо министрлигинин өкүлү Кевин Теббит менен талкуу кылган.

Иракта үстүбүздөгү айда Алави башкарган убактылуу өкмөт ишке киришкенден бери коопсуздук кырдаалы курчуп кетти. Дээрлик ар күнү козголоңчулар бомба жардырып, же өкмөттүк күчтөргө жана коалициялык аскерлерге каршы ок жаадырып келишет. Айрым жогорку жетекчилер жана жаңы реформаларды колдогон коомдук ишмерлер киши колдуу өлгөн учурлар да болду.

XS
SM
MD
LG