Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:37

КОЛИН ПАУЭЛЛ: "ДҮЙНӨ КООМЧУЛУГУ БИН ЛАДЕНДИН СУНУШУН КОЛДОБОЙТ..."


Бурулкан Турдубек кызы, Прага Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Колин Пауэл бейшембиде араб телеканалдары уктурган үн тасма "ал-Каида" террорчу уюмунун башчысы Осама бин Ладенге таандык болушу толук ыктымал экенин белгиледи. Үн тасма ушул эле күнү арабдардын эки телеканалында уктурулуп, анда Европа мамлекеттерине келишүү чакырыгы жасалган. Европа мамлекеттери бул чакырыкка дароо каяша пикирлерин айтып чыгышты.

Өзүн Осама Бин Ладен деп тааныштырган тасмадагы үн мындай чакырыкты жасоо менен Европа мамлекеттеринен мусулман өлкөлөрүнөн өзүнүн куралдуу күчтөрүн чыгарып кетүү шартын койду.

- Мен мусулман өлкөлөрүнө чабуул жасоосун жана ишине кийлигишүүсүн токтоткон Европа өлкөлөрүн элдешүүгө чакырам, - дейт тасмадагы үн, - Американын дүйнөгө жасаган каршылыгы чоң. Элдешүү биздин жерден акыркы аскерди алып кеткенде башталат жана ушул жарыядан баштап үч айга чейин эшик ачык.

Тасмада белгиленгенге караганда, 191 кишинин өмүрүн алган Мадрид жардыруусу АКШ баштаган коалицияга Ооганстанда жана Иракта колдоо көрсөткөнү үчүн Испаниядан өч алуу максатында жасалган.

Ошондой эле тасмада Жакынкы Чыгыш жагдайында да кеп козголуп, Шейх Ясиндин өлүмү үчүн өч алынаары айтылат. "Президент Буш жана ага тилектеш лидерлер дүйнөгө коркунуч келтирип жатат, биз кудайдын амири менен аларга каршы күрөшөбүз” дейт.

Бин Ладендин чакырыгына Европа лидерлери каршы пикирлерин дароо билдиришти. Кийинчерээк бул маселе боюнча АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэл:

- Европалыктардын жообуна мен азырынча ыраазымын. Бул так, ачык жооп болду. Бул биз террорчулардын азгырыгына кирбестигибизден кабар берет. Менимче, эларалык коомчулук коркунучтун бул түрүн таанууга жол бербейт. Ошондой эле бул окуя Осама Бин Ладенди сот жообуна тартууга жана терроризмге байланышкан биздин аныктамабызды дагы бир ирет бекемдейт деп ойлойм, - деди.

Улуу Британиянын тышкы иштер министрлиги тасмадагы кайрылууга байланыштуу билдирүүсүндө терроризмге каршы күрөштө бекем тураарын белгиледи. Британиянын оппозициячыл консервативдүү партиясы өкмөттүн бул пикирин колдоп, элдешүү сунушун АКШ менен Европанын мамилесин бузуу максатында атайын жасалып жаткан аракет катары баалады. Испания болсо демократияны, эркиндикти самаган мамлекеттерге мындай сунушка көңүл буруу зарылдыгы жогун айтты.

Европа комиссиясынын президенти Романо Проди “террордук коркунуч менен сүйлөшүү жүргүзүүгө эч кандай шарт жок” деди.

АКШнын Багдаддагы аскерий күчтөрүнүн өкүлдөрүнүн билдиргенине караганда, Бин Ладенди быйыл жыл ичинде кармоо максатындагы аракеттер кыйынчылык менен ишке ашып жатат. Ошондой болсо да, АКШ куралдуу күчтөрүнүн 25-жөө аскерлер бөлүгүнүн башчысы, генерал-майор Эрик Олсон Бин Ладенди жана анын өнөктөштөрүн кармоо башкы артыкчылыктуу максат бойдон кала берээрин баса белгиледи.

XS
SM
MD
LG