Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:33

“СОЮЗ” КЕМЕСИ ИШЕМБИДЕ КОСМОСКО САПАРГА АТТАНАТ


Ишемби күнү орусиялык “Союз” кемеси Казакстандын Байкоңур космос майданынан учурулмакчы. Аны менен орус космонавты Юрий Маленченко жана АКШ астронавты Эдуард Лү алты айлык сапарга аттанат.

Ишембиде Байкоңурдан космос мейкиндигине сапарга аттанып жаткан “Союз” кемеси бир катар саамалыктарды жасамакчы. Бул учуруунун өзгөчөлүктөрүнүн бири тууралуу АКШнын космосту иликтөө агенттиги – НАСАнын басма сөз өкүлү Роберт Майрелсон “Азаттыктын” кабарчысына мындай дейт:

- Бул – тарыхый учуруу. Буга чейин биз бир гана жолу советтик “Союз” кемесин учурууга катышканбыз жана анда “Биринчи экспедиция” деп аталган топ учкан. “Колумбия” космос чөлмөгүнүн кыйроого учурашы жана андагы Жерге кайтып келе жаткан экипаждын мерт болушу эл аралык космос бекетиндеги топту алмаштыруу үчүн “Союз” кемесин пайдалануу зарылдыгын туудурду.

Майрелсон эл аралык бекеттен кайтып жаткан америкалык астронавттар “Союз” кемеси менен алгачкы жолу Казакстандын космос майданына кайтып келээрин да кошумчалады.
1-февралда Жерге конуу үчүн түшүп келе жаткан “Колумбия” космос чөлмөгү жарылууга учурап, андагы жети астронавт тең набыт болгон соң, НАСА өзүнүн кезектеги чөлмөктүк учурууларын убактылуу токтото турууну чечкен.

20-апрелден бери Байкоңурда машыгуудан өткөн америкалык астронавт Эдуард Лү өзүнө тагылган милдетти аркалоого даяр экенин айтып, кубанычын жашырган жок:

- Биз кырсыктан кийин кайра алдыга багытыбызды улантып жатканыбызга бактылуубуз. Бул – мындагы, ошондой эле, Хюстондогу жана Маскөөдөгү, чын-чынында, бүт дүйнө жүзүндөгү адистердин мээнет теринин үзүрү болду.

Лү мырза америкалык астронавттардын ичинен алгачкы ирет “Союз” кемесинин борт инженери кызматын аркалоодо. Анын шериги, командир Юрий Маленченко Эл аралык бекеттен Жерге кайтып келе турган топту “Союз” кемесин башкарууга үйрөтүшөөрүн айтып, ал топтун орусиялык өкүлү Николай Бударин мурдатан эле “Союз” кемесин башкаруу жаатында тажрыйбалуу адис экенин белгилей кетти:

- Ооба, Колянын “Союзду” айдоо жана кондуруу жаатында тажрыйбасы бар, ошондуктан баары жайында болот деп ойлойм.

Ал эми Казакстанга келсек, расмий Астана космонавттарды учурууга каршы эмес, бирок орусиялык “Протон” ракетасынын эки жолку жарылууга учурашынан соң, мындай ракеталарды болочокто таптакыр учурбоо тууралуу Маскөө менен келишти. Бул тууралуу Казакстандын Улуттук Аба мейкиндиги агенттинин жетекчисинин орун басары Мейирбек Молдабеков мындай дейт:

- Ал эми “Протон” жайында болсо биздин элбашыбыз азыр Орусиянын элбашы менен келишип, бул “Протон” зымыранын (ракетасын) андан башка жана экологиялык жактан таза зымыранга алмаштыруу жөнүндө келишимге келишти.

Апрелдин 24үндө “Протон” ракетасы Байкоңурдан ийгиликтүү түрдө учурулду. Ал эми дүйнө көңүлү – ишемби күнү “Союз” кемеси менен алты айлык сапарга аттанып жаткан эки космос учкучунда болууда.
XS
SM
MD
LG