Алардын ичинен бирөө гана – Ростов электрстанциясы ишке берилген. Дагы бири – Минск электрстанциясы ЖЭБге айланган. Төрт станциянын келечеги бүдөмүк. Калган бешөө эми эч качан иштебейт. Алардын бири – Украинанын Черкасс облусундагы Чигирин АЭСи.
Чигирин АЭСинин курулушу 1989-жылы токтотулган. Ал эми спутник-шаар болот деп күтүлгөн Орбита Кременчуг суу сактагычынын жээгиндеги карагай токойлордун арасында көздөн кайым болгон, ээнсиреген шаарга айланды. 90-жылдардын башында шаарча четинен урап, көзгө илингендердин баарын талап-тоноп кетишти.
Адатта Чернобылдагы кырсыктын жылдыгында атомчулардын ээнсиреген Припять шаарын көрсөтүшөт. Бирок Орбита тууралуу үн катпаганга аракет кылышат. Анткен менен, ал жерде жашоо өз нугунда өтүп жатат: Орбитада пенсионерлер жашайт, балдар жарык дүйнөгө келүүдө, Донбасстан адамдар көчүп келип, атүгүл батирлерди сатып алышууда.
Витово айылы, Орбита көчөсү – соңку 15 жылдан бери бул урандылар ушинтип аталып келатат. Чигириндеги (Черкасс облусу) бетон жолунан солго бурулуп, бир нече километр өткөндөн кийин көз алдыңда “Сталкер” тасмасы үчүн декорация пайда болот: оюлган көзгө окшогон тогуз кабаттуу үйлөр, талкаланган жана кетилип сынган дүкөндөр жана ашканалар...
Ошентсе да, бул жерде адамдар да жашай турганын көрсө болот: дубалдардын бооруна түшүрүлгөн саясий темалардагы жазуулар, жерде сынган бөтөлкөлөр жана желим таштандылар, кароосуз калган тогуз кабаттуу үйлөрдүн ичинде пейнтбол үчүн боёктон калган издер...
Учурда Орбитада 90го чукул адам жашайт, алардын арасында жаштар да бар, атүгүл алтоо – балдар. Алар үчүн балдар аянтчасы бар.
Бирок балдарды кошуна Витово айылындагы мектепке атайын автобус жеткирип турат. Баса, бир нече машине да ары-бери каттайт. Жергиликтүү тургундар болсо велосипед тебишет.
Григорий Чаплинский ушул үйлөрдүн бириндеги батирге №1 ордерди алган.
1977-жылы ал маалда келечеги кенен делген Чигрин ГРЭСине электрикчи болуп иштегени келген. Анын курулушу тууралуу чечим СССРде 1970-жылы кабыл алынган эле.
ГРЭС Черкасс облусундагы химиялык ишканаларга токту 1975-жылы эле бере баштайт деп пландалып жаткан. Алгач аны Донбасстын көмүрү менен “азыктандырып” турушмак, бирок көп өтпөй бул пайдасыз экени белгилүү болду. Ошентип Кременчугдан алынган мунай азыктарына өтүштү. Бирок станция зарыл болгон санда отун бере албай турганын түшүнүшөт. Ошентип, 80-жылдардын башында гидроэлектрстанциясын эмес, атомдук станцияны курмай болушат. Бирок 1986-жылдагы Чернобыль кырсыгы бул пландарга да чекит койду...
Буу-газ электрстанциясы тууралуу ойлор да болгон, бирок бул долбоор кагаз бетинде кала берди. Ошол жылдары “тейлөөчү” инфраструктуранын бир бөлүгүн гана курууга үлгүрүшкөн – 20 миң адамга эсептелинген Орбита аттуу энергетиктердин шаарчасы түптөлө баштады. 1980-жылы эки жатакана, эки үй колдонууга берилип, резервдик откана, административдик имараттар, ашкана, дүкөн, клуб жана кампалар курулган.
“СССР маалында бул жер жакшы болчу, - деп эскерди Григорий. – Тогуз кабаттуу үйлөр жатакана эле, адамдар жашачу. Анан газ менен сууну өчүрүп салгандан кийин баары бизге көчүп келишти".
Орбитадагы эки үйдө суу, газ, свет, Интернет жана спутник телевидениеси бар – “спутник-табактары” дээрлик бардык балкондордон орсоюп чыгып турат. “Коммуникациялык кызматтар жакшы эле иштейт, бирок баасы кымбат, иштейин десең жумуш жок”, - деп даттанды жергиликтүү тургундардын бири Александр.
1983-жылы АЭСтин курулушун консервациялаганда (курулуш толугу менен 1989-жылы токтотулган) СССРдин булуң-бурчунан чогулган беш миң адамды Черкасс ЖЭБин кеңейтүүгө жиберүүнү пландап жатышкан. Андан кийин долбоорлорду өзгөртсө да, кадрларды сактап калууну чечишкен жана адамдарды күн сайын автобус менен Черкасска жумушка ташып келип турушкан.
Бирок андан кийин энергетиктер жумушсуз калган – Орбитанын өзүндө кесип менен иштейин десең жумуш жок, башка ишти да жакын жерден табуу оңой эмес.
Орбитанын жолунда азыр жем жана минералдык семирткичтерди жүктөгөн машинелер өтүп турат. Жергиликтүү тургундар азыр мамлекетке эмес, жеке бизнеске үмүт артышууда – келечекте күн батареяларын куруу, канаттуулар фабрикасы тууралуу сөз болуп калат.
Азырынча негизинен жергиликтүүлөр башка жактарга иш издеп аттанып кетишкен. Кимдир бирөөлөр аман калган конструкцияларды металлоломго өткөрүшөт.
“Менин бул үйдө үч батирим бар: биринчи, үчүнчү жана төртүнчү кабаттарда. 2000-жылдары арзан сатып алгам. Ал маалда бир батирдин баасы телевизордун баасына барабар болчу. Баары эле артын карабай туш-тарапка качып кетишкен. Мен эле калдым. Өзүм жашайм, ал эми үч квартира үчүн төлөйм”, - деп айтты Александр.
Азыр Орбитада батирлер кымбаттап эле калды – 18 чарчы метр келген бир бөлмөлүү үйдү 3 миң долларга сатып алса болот.
Адамдар үйлөрдү сатып алып эле жатышат. “Жакында эле Киевден келген жаш жигит батир алып, ремонт баштады, - деп айтышты жергиликтүү тургундар. – Бул жерде сонун токой, суу сактагыч, балык уулоо, аңчылык бар. Өзүнчө эле эс алуу үйү. Волновахадан келгендер да жашашты. 2014-жылы келип, бир аз тынчыгандан кийин кетип калышты".
Орбитада өзүнүн дүкөнү бар, бирок ал сааты менен иштейт – эртең менен эки саат жана кечинде эки саат. Ал биринчи кабаттагы батирлердин биринде орун алган. Сатуучу азык-түлүктөрдү Витоводон ташыйт. Негизинен нан сатып алышат. Калгандарын короонун алдындагы чарбактарда өстүрүшөт.
“Бул жерде санаторий курса жакшы болмок эле, - деп айтышат жергиликтүү тургундар. – Жаратылышы, кумжээги, жерлер абдан кооз". Бирок токойдун арасындагы чакан шаарча Орбитага жетпей калган спутник бойдон кала берди.
Марина Балабан, "Настоящее время"